«Электр станциялар» ишканасынын башкы директору кызматынан кетти

«Электр станциялар» ААКынын басма сөз кызматы 1-февраль күнү ишкананын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин маалымдады. Ал бул кызматты бир жыл аркалады.

Компаниянын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Бектенов дайындалды, ал буга чейин башкы директордун биринчи орун басарлык кызматын аркалаган.

Таалайбек Бектенов.

Жолдошбек Ачикеев башкы директорлук кызматка 2020-жылдын 27-февралында дайындалган болчу.

«Электр станциялар» ААКы — Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы. Ал Кыргызстандын негизги жылуулук өндүрүүчү компаниясы болуп эсептелет. Холдинг Токутогул ГЭСи менен Бишкек ЖЭБди тескейт.