Jazeera Airways Бишкек — Кувейт авиакаттамын ачууну жылдырды

«Манас» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 1-февраль күнү Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы Кувейт — Бишкек — Кувейт каттамдары боюнча жаңы туруктуу аба каттамдарын ачууну 5-февралдан 11-февралга жылдырганын кабарлады. Бул тууралуу «Манастын» башкы директору Бактыбек Сыдыковдун аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болгон.

Аны менен бирге Кувейт — Ош — Кувейт маршруту боюнча дагы каттамды ачуу 5-февралдан 9-февралга жылдырылды.

Jazeera Airwaysтин тейлөө боюнча директорунун орун басары Риза Аль Мусави дүйнөдө эпидкырдаал жөнгө салынгандан кийин компания Кувейт — Бишкек — Кувейт каттамын жумасына 7 жолуга чейин көбөйтүүнү пландап жатканын айтып берди. Ага чейин каттамдар аптасына эки жолу ишке ашырылып турат — ар дүйшөмбү жана жума күндөрү.

Аль Мусави кошумчалагандай, Кувейт — Бишкек — Сиань маршруту боюнча рейсти ачуу үчүн Jazeera Airways аба эркиндигинин 5-даражасын колдонууну пландап жатат.

*Аба эркиндигинин бешинчи даражасы үзгүлтүксүз абада катамдарын аткарууга жол берет, ага ылайык чет өлкөлүк аба кемелери Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны түшүрүү жана бортуна кабыл алуу укугуна ээ.

Буга чейин, 16-январда Кыргызстандын транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев менен Jazeera Airwaysтин вице-президентинин жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосунда туруктуу каттамдар ачылары кабарланган.

2020-жылдын башында башталган COVID-19 пандемиясынан улам дүйндө жүзү боюнча эл аралык аба каттамдары, ошондой эле Кыргызстандагы каттамдар жабылган.

Чектөөлөр жарым-жартылай алынгандан кийин авикомпаниялар каттамдарын жарым-жартылай калыптандыра баштаган. Демек, кыргыз жарандарында туруктуу жана чартер каттамдары менен Орусиянын жана Түркиянын бир катар шаарларына барууга мүмкүнчүлүгү бар.