«Чек арадагы аткезчилик жана коррупция». Ишин жыйынтыктап жатып Тилек Токтогазиев эмнелерге токтолду?

Тилек Токтогазиев 3-февралда маалымат жыйын куруп, айыл чарба министри кызматын аркалаган 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ал аткарган иштери тууралуу айтып, ишке ашырууга үлгүрбөй калган пландарына токтолду.

Эмнеге үлгүргөн?

Айыл чарба министрлигинин экс-башчысы командасы менен айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга үлгүргөнүн билдирди.

Анын айтымында, ал фермерлердин башын бириктирүүгө, кооперативдерди өнүктүрүүгө, Малчылар союзун түзүүгө үлгүрүп, 2025-жылга чейин мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашырып баштаган.

Анын командасы министрликтин борбордук аппараты менен түзүмдөрүн электрондук документ жүгүртүү форматына өткөргөн, фермерлер үчүн Telegram-бот түзгөн жана башка көптөгөн иштерди аткарган.

Азык-түлүк каатчылыгы

Токтогазиев өлкөнү азык-түлүк каатчылыгы капташы мүмкүн деген дагы тынчсыздануусун жашырган жок. Анын айтымында, жаңы дайындалган министр учурда өлчөмү чектелүү болуп жаткан буудай, кант жана суу майдын жетишсиздиги маселесин чечүүгө тийиш.

«Буудай боюнча жакынкы күндөрү дагы, жай айларында маселе курч болот. Кайыңды заводунда 18 миң тоннага жакын, алардын кампасында 8 тонна эле канттын кору турат. Бул дагы фермерлерге тиешелүү. Бул үч айга гана жетет болушу керек. [... ] Суу май боюнча, калктын 5 айлык талабына жете турган калдык бар», — дейт ал.

Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин азык-түлүк кору тууралуу маалыматы иш жүзүндөгүдөн айырмаланат. Кризистин себеби катары, мурдагы айыл-чарба министри аткезчиликти атады.

«Тажикстанга, Өзбекстанга өтө көп өлчөмдө чыгып турган. Өзүбүз тараптан токтотуу керек деп белги берип жаттык, тилекке каршы, бизди угушкан жок», — деди ал.

Токтогазиев кийинки жылы түшүм эки эсеге аз болушу мүмкүндүгүн, андыктан жаңы министр өнөктөш жана донорлор менен бул маселенин үстүнөн иштеши керек деп белгиледи.

Аткезчилик

Министрликтин мурдагы башчысы айыл чарба тармагындагы аткезчиликтин көлөмү болжолу менен 1 млрд сомду түзүп, өлкө бюджети ушунча суммадан куру жалак калып жатканын билдирди.

«2013-жылы Кыргызстанда 62 тегирмен иштеген. Ун чыгаруу жылына 450 тоннага жетип турган. 2020-жылы ишин токтотпогон 8 тегирмен калган — бизде болгону 150 миң тонна бар. Көлөмдүн баарын чек арадагы уурулар менен коррупционерлер жок кылып жатат. Мен керек болсо алардын коюмун дагы айта алам — бир фура аткез унду өткөрүү үчүн 3 миңден 30 миң сомго чейин алынат», — дейт Тилек Токтогазиев.

Анын маалыматында, такталбаган товарлар боюнча эң эле жогорку көрсөткүчтөр Талас облусунда (Чалдыбарда). Ар бир фурадан тийген зыян 100 миң сомго чукул акчаны түзөт.Токтогазиев эттин баасынын жогорулашына мал чарбачылыгы үчүн тоют камдалуучу тамак-аш өнөр жайынын калдыктары себеп болууда деп түшүндүрөт.

«Биздин кайра иштетүүчү ишканалардын иши токтоп калса, тоюттун баасы жогорулайт. Анан эттин баасы эмнеге мынча кымбат деп таңданышат. Бажыда башаламандык күчөп, эч ким көзөмөлдөбөй жатса, айыл-чарбасы, мал чарбачылыгы кайдан өнүкмөк эле?» — дейт ал.

Анын пикиринде, айрым таасир эткен топтор бар, алар анын Айыл-чарба министрлигин жетектебей калышына кызыктар. Токтогазиев ал топтордун артында ким турганын айткан жок, бирок алар анын ишин баарынан да көп сындаган депутттар деп айтты.

Жаңы министрлер кабинети

Мамлекеттик түзүлүш боюнча парламент комитети 2-февралда Улукбек Мариповдун өкмөтүнүн курамын жактырган — анда Тилек Токтогазиев жок. Мариповдун чечимине ылайык, бул кызматка «мамлекеттик кызматта тажрыйбасы көп» башка талапкер келет. Марипов бул кызматта башчы катары Аскарбек Жаныбековду көрүүдө.

Өкмөттүн жаңы курамы жана түзүмү парламент депутаттары тарабынан 3-февралдагы пленардык жыйында бекитилди. Депутаттардын көбү министрликтердин саны кескин кыскарып, айрым ведомстволор бириккенине нааразы болушту. Бирок Марипов өзү министрлер кабинетин жетектөөсү боюнча маселе Садыр Жапаров менен макулдашылганын билдирген. Анда Жапаров өкмөттүн оптимизацияланышын колдоп, «алакандай Кыргызстан үчүн 12 министрлик деле көптүк кылат» деп билдирген.