Финпол жоюлуп, ИИМге кошулабы? Жапыкеев эмнеге нааразы болуп жатканын айтып беребиз

«Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгону жатышат, силер кандай ойлойсуңар? Что-то башкача кетип баратат... Финполду эл колдойт, финпол элге иштейт. Достор, финпол жеңилип калабызбы?» — деп жазган соцтармактарда финполдун башчысы, «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү жана октябрдагы митингдердин жигердүү катышуучусу Сыймык Жапыкеев.

Аткаминер социалдык тармактарда ведомство жоюлуп, ИИМге кошулуп, өкмөттүн курамынан чыгарылат деген маалымат тараган соң пост жазган. Мунун баары министрлер кабинети жана премьердин алмашуусунан улам болушу мүмкүн. Премьерлик кызматка Улукбек Марипов талапкер болууда.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров тараткан билдирүүдөн Сыймык Жапыкеевдин дарегине кыйытып айтылган учурларды байкоого болот.

«“Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын” деген түшүнүктөн алыс бололу», — бул цитата «Садыр Жапаров» аталышындагы телеграм-каналдагы билдирүүдөн алынды. Бул аккаунт президентке тиешелүү экенин буга чейин басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктаган болчу.

«Бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволор бар. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. (...) Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык. (...) Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли», — деп билдирген президент.

Жоёбуз. Же калтырабыз.

3-февралда өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн түзүмү боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Мисалы, ал финпол менен ИИМ бириктирилбейт деп билдирген. Бирок ачык эч нерсе айткан эмес.

«Азыр финпол жоюлат же ИИМдин түзүмүнө кирет деп так айтса болбойт. Ведомство ИИМдин түзүмүнө кирбей турганы анык. Бул өзүнчө орган болушу мүмкүн. Бирок текшерүү тармагында маселелер бар, ошондуктан биз ведомствонун функцияларын карап чыгабыз», — деген Марипов.

Финполдун ИИМ менен биригишин курамына бизнес ассоциациялар кирген Эл аралык ишкерлер кеңеши сынга алууга үлгүрдү.

«Бул орган ИИМдин түзүмүндөгү бөлүмгө айланса бизнеске кысым күчөп, тергөө жүргүзүүнүн сапаты төмөндөп, дагы башка жагымсыз натыйжаларга алып келиши мүмкүн», — деп билдирген ишкерлер кеңеши.

Жаңы өкмөттү формуласы

Жакында эле УКМК өкмөттү оптимизациялоонун схемасын төгүнгө чыгарган. Анткен менен депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан министрлер кабинети тууралуу документтин сүрөтүн жарыялаган — анда көптөгөн белгилүү аттар жок, өкмөтүн курамынан октябрь митингдеринин катышуучулары жоголуп кеткен. Министрлер кабинетинде 16 мүчөнүн гана аты айтылган, кызмат, ведомство жана комитеттердин саны 48ден 12ге кыскартылары Жапаровдун цитатасы менен дагы такталууда.

ЖАМК менен МККнын ИИМге кошулат деген божомолу боюнча дагы айкын болбой турат. Мурдараак, Марипов бул маселе талкууланып жатканын билдирген.

Ал Улуттук банк экономика министрлиги менен биригет деген маалыматты дагы четке какты. Ал Улуттук банк көз карандысыз түзүм бойдон каларын айткан.

Анткен менен Марипов Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги бириккенин тастыктады. Ал мындай «эки бөлөк» министрликтин биригиши — «маселе эмес», ведомстволордун штаты сакталат деп билдирген. Ошол эле учурда кошула турган башка мекемелердин кызматкерлеринин саны өзгөрөбү-жокпу белгисиз.