«Сотту шоуга айландырып жатышат». Матраимовдордун доосу боюнча сот кайрадан жылды

Райымбек Матраимов

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн журналисттерге каршы доосу боюнча 3-февралга белгиленген сот отуруму бул ирет да белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Сот Матраимовдордун коррупциялык схемага катыштыгы боюнча журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды чагылдырууга тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан. Матраимовдордун юристтери бул чечимди даттана турганы айтылды. Мындан улам иштин өзөгү боюнча соттук териштирүүлөр токтотулду.

Экс-бажычы жана журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовдун жана жубайы Уулкан Сулайманованын (мурда Тургунова болчу) адвокаты Татьяна Карыжинская 1-февралда Свердлов райондук сотуна кайрылып иликтөөлөгү айрым фразаларды ЖМКлар аркылуу жайылтууга тыюу салууну суранган.

Анткен менен судья Жылдыз Ибраимова Матраимовдордун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган. Ошондуктан мурдагы бажычынын юристтери бул чечимди Бишкек шаардык сотуна даттанаары белгилүү болду.

«Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева Матраимовдордун өкүлдөрүнүн аракетин «ишти атайылап создуктуруу» деп атады.

«Алар бир жыл мурун да ушундай эле өтүнүч келтиришкен, кийинчерээк андан баш тартып коюшкан […] Мындай өтүнүчтүн канааттандырылбай коюулушу сотто даттанылышы мүмкүн. Ошондуктан да сот иштин маңызы боюнча өндүрүштү токтотту», — деди Якупбаева.

Ал экс-бажычынын адвокаттарынын даттануусунун каралышы бир айга же андан да узак убакытка созулушу мүмкүн деди.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов Матраимовдор сотту «шоуга айландырып» жатышат деп эсептейт. Анткени Матраимовдор журналисттерди сотко бергенине бир жылдан ашуун убакыт өтсө да иштин маңызы боюнча отурум дээрлик болгон эмес. 

«Тилекке каршы иштин маңызы боюнча бир дагы сот боло элек. Улам-улам эле жылып келе жатат. Буга дал ошол Матраимовдор себепкер [...] Матраимовдор 3 жылбы, 5 жылбы билбейм канча убакыт, иши кылып сот процесси учурунда алар тууралуу бир дагы ооз ачпашыбызды камсыздаганга аракет кылып атышат. Муну менен алар Матраимовдор тууралуу бир дагы маалымат чыкпашын, оозубуздун жабылып калышын каалашат», — деди Токтакунов.

ЖМКга каршы доо арыз

Матраимовдор 2019-жылдын декабрь айынын ортосунда «Азаттык», «Клооп», 24.kg басылмаларын жана журналист Али Токтакуновду сотко берген. Алар журналисттерди үй-бүлөсүнүн ар-намысы менен ишкердик беделине шек келдтиришкен деп айыпташууда. Алгач алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом, 24.kgден 15 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Токтакуновдон 10 млн сом кун талап кылышкан.

Иликтөөгө катышпаган, болгону өз бандамасын чыгарган 24.kg басымасы менен Матраимовдор доо талаптарын жарым-жартылай чакыртып алууну келишишкен. 24.kg бул иште жоопкер катары калып жатканы менен, Матраимовдор мындан ары алардан компенсация талап кылбайт жана сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Ошентип, Матраимовдор ЖМКлардан талап кылган кундун жалпы суммасы 45 млн сомду түзөт.

«Чек арасыз репортёрлор» (RSF) эл аралык уюму ЖМКларды коргоп билдирүү чыгарган. RSF доону «сандырак» деп атап, Свердлов райондук сотун аны четке кагууга чакырган.

Сот отуруму көп жолу жылдырылып, ошол себептен доо эмдигиче маңызы боюнча карала элек. 15-январга белгиленген акыркы сот отуруму Матраимовдордун адвокаты Уулкан Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөнү тууралуу күбөлүктү унутуп койгондуктан өтпөй калган.