«Ысымдары ачыкталат». Ташиев маңзат соодасына аралашкан генералдар бар экенин айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маңзатты сатууга погончон кишилер дагы аралашып кеткенин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы менен түзүмү каралып жатат. Аларды премьерликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырууда.

«Маңзат боюнча өтө көп адамдар бар, арасында погончон кишилер дагы бар… Бул боюнча чоң жумуш жүрүп жатат. Көптөгөн адамдардын жүзүн жакында чыгарабыз. Керек болсо генералдык погондорду тагынып алып ушул иштерге кийлигишкендер бар», — деди ал.

Ташиев андан сырткары мамлекеттик кызматта иштеп, өлкөнүн байлыгына кол салган кызматкерлердин бардыгы текшерилет деп ишендирди. Ал ошондой эле, УКМК коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгында 2020-жылдын 10 айында 116 млн сомдун тегерегинде акча бюджетке түшкөнүн, ал эми ноябрь менен декабрда 2 млрд 800 млн сом түшкөнүн кошумчалады. Быйыл январь айында эле жарым миллиардга жакын акча кайтарылганын белгиледи.

«Чынында уурдалган акчалар аябай көп. Уурдаган чиновниктерди кармап, түрмөгө айдап жиберели деген жокпуз. Эгерде ал адам, уурдаган акчасын мамлекеттик бюджетке кайтарса, ал адамдарга тергоо менен кызматтышты деген берене колдонулат», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы коррупциялык аракеттер бир гана мамлекеттик кызматкерлер арасында эмес, бизнес чөйрөсүндө дагы көп экенине токтолду. Ал мисал катары жакында эле бир ишкер Кытайдан темир жол аркылуу 100дөй телевизорду 7 контейнер менен алып келгенин айтты. Бирок контейнерлерди ачып, текшере келгенде 7 миң телевизор чыккан. Ташиевдин айтымында, жыйынтыгында бул ишкер 30 млн сом салык төлөгөн.

«Биздин коррупция менен кылмыштуулукка каршы күрөшүүбүз жакынкы аралыкта жемишин берет», — деди УКМКнын башчысы.