Премьер Марипов бир тууган инисин Ноокат районунун акими кызматынан бошотту

Бир күн мурун премьер-министрлик кызматка бекитилген Улукбек Марипов министрлер кабинетиндеги алгачкы кадрдык алмашууларды жүргүздү. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал Ош облусунун Ноокат районунун акими, бир тууган иниси Бакытбек Мариповду ээлеген кызматынан четтеткенин кабарлады.

«Чечим КРдин Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды, себеби Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууган иниси болуп саналат», — деп түшүндүргөн өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн.

Ошондой эле, түзүмдүн маалыматына ылайык, мындай кадамга Мариповдун Садыр Жапаровдун жарлыктарынын ишке ашуусуна көмөк көрсөтүү каалоосу дагы себеп болгон.

«Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» жарлыгынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү жана кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет», — деп өкмөттөн билдиришти.

Бакытбек Марипов тууралуу эмне белгилүү?

Бакытбек Марипов Улукбек Мариповдун иниси. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Ноокат районунун акими болуп дайындалган. Бул тууралуу жарлыкка 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрликти аркалаган Садыр Жапаров өзү кол койгон.

Мурда Бакытбек Марипов бир нече жыл өзү туулган Кыргыз-Ата айыл аймагын башкарган. Ал аралыкта Кыргыз-Ата 2019-жылдын мыкты айыл өкмөтү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

123 гектар жер, экс-депутаттын уулу, Шадиев менен байланышы. Марипов тууралуу эмне белгилүү?