Кыргызстанда 3-февралда Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы бекитилип, президент Садыр Жапаров аларды дайындоо тууралуу жарлыкка ошол эле күнү кол койду. Андан соң өкмөт мүчөлөрү ант берип кызматка киришишти.
Бирок премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт беш жылдык программаны референдум өткөндөн кийин Жапаров аткаруу бийлигинин башына келгенде кабыл алынаарын белгиледи. Анткен менен айрым депутаттар Мариповдун так программасы жоктугун сынга алышты.
«Конституцияга ылайык, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын Жогорку Кеңеш бекитет. Биздин колубузга тийген документте программа деген жок. Берилген 10 барак тема боюнча ой жорумдар эле экен. Убактысы, мөөнөтү жок, эч кандай сан камтылган эмес. Анда түзүм эмнеге негизделип түзүлгөн? Алгач өнүгүү багыты түзүлөт, анан аны кантип ишке ашыруу маселеси ойлонуп, ошону аткаруучу түзүм жана курам анан кийин куралат», — деп нааразы болду эл өкүлү Наталья Никитенко.
Марипов болсо өкмөт программаны түзөөрдө ички дүң өнүмдүн көлөмүн көбөйтүүгө, жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга, ар бир жарандын кирешесин көбөйтүүгө , сапаттуу билим берүүгө жана медициналык тейлөөнү жакшыртууга басым жасалат деп ишендирди.
Жаңы өкмөт деп аталганы менен министрлердин айрымдары өз ордунда калды, кээ бир министрликтер кыскартылып, бир нече аткаминер кайрадан мурдагы кызматына кайтты.ң
Премьер-министр
Улукбек Марипов өзү 42 жашта. Ал Ош облусунун Ноокат районунда төрөлүп-өскөн. Ош мамлекеттик жана Ош технологиялык университеттеринде финансы-кредит, юриспруденция адистиги боюнча билим алган.
Анын саясий карьерасы Аскар Акаевдин тушунда башталган. Ал эми Курманбек Бакиев өлкөнү башкарган учурда Марипов президенттик администрацияда иштеген. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда ал Эсептөө палатасынын төрагалыгына чейин көтөрүлгөн.
Мариповдун талапкерлиги премьер-министрликке сунушталгандан тарта бир катар ЖМКлар экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев анын «өкүл атасы» болгонун жазып чыгышты. Кийинчерээк Марипов бул маалыматты тастыктап, бирок Шадиев менен учурда катышы жок экенин айткан.
Анын эмгек жолу, үй-бүлө мүчөлөрү жана расмий кирешелери тууралуу кененирээк атайын даярдалган макаладан окусаңыз болот.
Биринчи вице-премьер министр
Бул кызматка дайындалган 34 жаштагы Артём Новиков Мариповго чейин өкмөттү убактылуу жетектеп турган — аны бул кызматка Садыр Жапаров октябрда дайындаган болчу.
Ал өзү Сапар Исаков жетектеген өкмөттө Экономика министрлигин башкарган. 2020-жылдын башынан тартып өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси катары иштеп, бул кызматты анын отставкасына чейин аркалаган.
Коргоо министри
Марипов сунуш кылган түзүмдө Коргоо министрлиги кайрадан кошулган — анын башчылыгына генерал-майор, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев дайындалды.
Өмүралиев өзү 55 жашта, Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлүп-өскөн. Ал 1986-жылы Алма-Атадагы жогорку курама куралдар командалык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы Орусиядагы Забайкалье аскер округунда кызмат өтөгөн.
Кыргызстанга 1993-жылы келип аскер тармагындагы ар кандай кызматтарды аркалаган. Ал эми 2010-жылы ал Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси, 2011-жылдан Коргоо министри болуп дайындалган.
2017-жылы болсо Бишкектин Биринчи май райондук соту аны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыптап, «генерал-майор» наамынан ажыраткан. Ошондой эле 5 миллион сом айып пул салган.
Ал эми өткөн жылдын 9-октябрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны кайрадан Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси кылып дайындаган болчу. Көп өтпөй Бишкек шаардык соту аны актап, генерал-майор наамын кайтарып берген.
Айыл чарба министри
Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине дайындалган Аскар Жаныбеков 56 жашта. Кесиби — агроном жана ветеринар. Буга чейин айыл чарба тармагындагы ар кандай кызматтарда эмгектенген.
Ошондой эле 1996-жылдан 2003-жылга чейин Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук суу чарбасын жетектеп турган. Ал эми 2003-2004-жылдары Ысык-Көл облусунун башчысынын орун басары болгон. Жаныбеков 2020-жылга чейин «Рейна-Кенч» асыл тукум чарбасын башкарган.
Энергетика жана өнөр-жай министри
Кубанычбек Турдубаев аталган кызматка биринчи жолу келип жаткан жок — ал буга чейин 2014-жылы энергетика министринин орун басары, андан соң 2015-жылга чейин министр болуп турган.
Министрлик 2015-жылы «Энергохолдингге» айланып, жоюлуп кеткенден кийин ал кызматын жоготкон болчу.
Турдубаев өзү 48 жашта. Ал Чүй облусунда төрөлүп, 2001-жылы Кыргыз техникалык университетинин «Электр станциялары» адистигин аяктаган. Министр болгонго чейин «Чыгышэлектр» жана «Түндүкэлектр» ишканаларын жетектеген.
3-февралдагы парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов энергетика тармагы «коррупциялашкан» деп белгилеп, Турдубаевдин мурда коррупция менен соттолуп-соттолбогонуна кызыкты.
Анда Турдубаев «15 жыл мурда ушундай окуя болгонун» айтып, бирок тагылган айып далилденген эмес деди.
«Бизди жарым жыл ары-бери сүйрөдү, анан аягында өкүм чыгарып, жазадан бошотушту. Себеби эч кандай коррупциялык фактылар аныкталган жок. Эч кандай мамлекеттик бюджетке зыян аныкталган эмес. Ошого байланыштуу мыйзам чегинде биз соттолбогон жаран катары калып, өзүбүздүн ишибизди алып барып жатабыз», — деди ал.
Ал Энергетика министрлигин жетектеп турганда «мыкты иштегем» деп кошумчалады.
Ички иштер министри
Аталган министрликти буга чейин Садыр Жапаров октябрда дайындаган Улан Ниязбеков жетектөөнү улантты.
Ниязбеков өзү 46 жашта. Ал министр болгонго чейин ИИМдин каржылык чарба башкармалыгынын башчысы болгон. 2016-жылы кайсыл бир ишкерден Ниязбековдун үстүнөн «опузалоого байланышы бар экени» тууралуу арыз келип түшкөн.
Арыздануучунун айтымында, Ниязбеков ага укук коргоо органдары тарабынан куугунтук болорун жана кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы бар экенин айтып коркуткан.
Анда прокуратура «мыйзам бузуу табылган жок, иштин мөөнөтү өтүп кетти» деген жүйөө менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
10-январдагы президенттик шайлоо алдында КТРКда өткөн дебатта президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаев Ниязбеков Садыр Жапаровго 2001-жылы кредит алып бергенин айтып чыккан. Ал Жапаров Ниязбековду «эски карызынан кутулуу үчүн кызматка койду» деп божомолдогон болчу.
Өзгөчө кырдаалдар министри
Министр болгон Бообек Ажикеевди да буга чейин аталган кызматка Садыр Жапаров койгон. 56 жаштагы Ажикеев кесиби боюнча куруучу жана бухгалтер, Өзгөн районунда төрөлүп-өскөн.
Ал эмгек жолун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүндө куруучу болуп баштаган. 2011-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин куруу боюнча кеңешме топтун жетекчиси кызматына чейин жеткен.
Ал эми бир катар ЖМКларда, ошол эле жылы Ажикеев президенттикке талапкер болгон Камчыбек Ташиевдин Ош шаарындагы штабын жетектегени айтылат. Шайлоонун жыйынтыгынан улам чыккан нараазычылыктарда Ажикеев облусту башкарып турган Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетишин талап кылган.
Юстиция министри
Бул кызматка дайындалган 47 жаштагы Асел Чынбаева кесиби боюнча укук таануучу, Чүйдөгү Кара-Балта шаарында төрөлүп-өскөн. Ал 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетин аяктап, эмгек жолун 1998-жылы Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы катарыы баштаган.
Андан соң 2000-жылга чейин Бишкек мэриясынын юридикалык бөлүмүн жетектеген. Кийинчерээк ал премьер-министрдин аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти кызматына чейин жеткен.
Ал эми 2020-жылдан ушул күнгө чейин өкмөт аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Маданият министри болгон Кайрат Иманалиев 44 жашта. Ал Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте журналистика, менеджмент багытында билим алып, ошондой эле президентке караштуу башкаруу академиясын аяктаган.
Эмгек жолун 1999-жылы Кыргыз улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык редакциясында баяндамачы болуп баштап, Кыргыз Радиосунун башкы редакторунун орун басары кызматына чейин жеткен.
Ал эми 2009-жылы Махмуд Кашгари атындагы чыгыш университетинде журналситика кафедрасын жетектеген.
Иманалиев бир канча китептердин, чыгармалардын жана драмалардын автору болуп, бул үчүн ага «Маданияттын мыкты кызматкери» наамы ыйгарылган. Ал 2019-жылдан тарта маданият министринин орун басары болуп эмгектенип келген.
Билим берүү жана илим министри
Аталган министрликте да Садыр Жапаров дайындап кеткен Алмазбек Бейшеналиев калды. 40 жаштагы Бейшеналиев Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулуп-өскөн.
Ал 2001-жылга чейин Нарын мамлекеттик институтунда англис тили жана адабияты багытында билим алып, ошол эле жылы Германиядан немис тилин окуган.
Ал эми 2004-жылы Германиядагы Людвигсбург университетинде англис тили боюнча магистр даражасын алган.
Андан соң 2009-2011-жылдары педагогика илимдеринин кандидаты даражасын алып, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. Ал эми 2017-жылга чейин ошол эле университеттин докторантурасында окуган.
Эмгек жолун ал «Жаш ишкерлер башкармалыгы» ассоциациясында президент болуп баштаган. Ал эми 2008-жылдан «Ала-Тоо» университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу болгон.
Бейшеналиев 2012-жылдан баштап Польшадагы Вистул университетиндеги чет тилдер институтунда проректор болгон. Андан соң АКШдагы Джонс Хопкингс университетинде «Орто Азиянын тышкы саясаты» сабагынан мугалим болуп, профессор даражасына жеткен.
Ал эми 2018-жылдан баштап, Борбордук Азия регионалдык институтунун мүдүрү, ага чейин «Ала-Тоо» университинин проректору жана өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Экономика министри, вице-премьер министр
Бул министрликке жана вице-премьер болуп дайындалган Улукбек Кармышаков 58 жашта. Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болот. Ал 1981-жылы Фрунзе финансы-экономикалык техникумун, андан соң Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
Кармышаков окууну аяктагандан соң эмгек жолун Ош облусунун райондук статистика бөлүмүнүн улук экономисти болуп баштаган. Андан соң 1996-жылы Финансы министрлигинде мамлекеттик чыгымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматына жеткен.
Кармышаков 2015-жылдан тарта аталган министрликте орун басар болуп эмгектенип келе жаткан.
Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министри
Саламаттык сактоо министрилигинде Жапаров дайындаган Алымкадыр Бейшеналиев калды. 61 жаштагы Бейшеналиев Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн.
Кыргыз мамлекеттик мединститутун аяктап, эмгек жолун 1989-жылы өзү окуган институтта хирургия кафедрасында ассистент катары баштаган. Ал 2000-жылы ошол эле кафедранын профессору даражасына жеткен.
Анын 120дан ашуун илимий эмгектери болуп, ал үчүн «саламаттык сактоонун отличниги» наамын алган.
Ошондой эле ал медицина илимдеринин доктору жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору. 2010-жылы «Ак Шумкар» партиясына мүчө болуп, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдер менен бирге бакиевдик режимге оппозиция болуп жүргөн.
Тышкы иштер министри
Тышкы иштер министри да өз ордунда калды. 54 жаштагы Руслан Казакбаевди октябрь окуяларынан кийин бул кызматка Жапаров дайындаган. Казакбаев ТИМди 2010-2012-жылы да жетектеген.
Ал 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин Юридика факультетин, ал эми 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек жолун 1992-жылы Илимдер академиясынан баштап, 1995-1996-жылдары ТИМдин консулдук башкармалыгында экинчи, үчүнчү катчы болуп иштеген.
Ал 2005-жылы Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматына чейин жетип, 2009-жылы Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп турган.
Андан соң, 2015-жылдын октябрь айында, Жогорку Кеңешке «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген.
Транспорт, архитектура жана коммуникация министри
49 жаштагы Гүлмира Абдралиева аталган министрликти жетектей баштаган биринчи аял киши. Бирок ал буга чейин, 2016-жылы, ушул эле министрликте орун басар болгон.
Ал өзү Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технология жана тигүү буюмдарын конструкциялоо» адистигин аяктаган. Алгачкы жумуш жолун Кеминдеги тиричилик комбинатында тикмечи болуп баштаган.
Андан соң инженер-технолог болуп эмгектенип 2004-жылы Экономика министрлигиндеги көзөмөл башкармалыгында башкы адис болгон.
Ал эми 2013-жылдан Транспорт жана коммуникация министрлигинде Автоунаа, транспорт башкармалыгында бөлүм башчы болгон.
2017-жылдан тарта өкмөттүн аппаратында транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жаткан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
Аталган комитетте президенттин жакын досу, экс-депутат Камчыбек Ташиев калды. Аны бул кызматка октябрь айында досу жана партиялашы Садыр Жапаров премьер-министр кызматына келгенден кийин, президенттин милдетин аткарып турганда дайындаган.
Ал 4-октябрда өткөн шайлоодо «Мекенчил» партиясын жетектеген. Аталган партияны Жапаров менен бирге негиздеген. Парламенттик шайлоонун алкагындагы дебаттарда Ташиев Садыр Жапаровду абактан чыгарууга убада берген. Ал эми октябрдагы митингдердин шартында «Садырды президент кылабыз» деп сүйлөгөнү да бар.
Ташиев өзү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн. Ал окуусун 1992-жылы Томск мамлекеттик университетинде инженер, химик-технолог адистиги боюнча аяктаган.
Ал эми эмгек жолун өзү туулуп өскөн аймактагы «Мээрим-Ай» өндүрүштүк коммерциялык фирмасында жетекчи болуп баштаган. Жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн Ташиев 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.
2009-жылы болсо өзгөчө кырдаалдар министри кызматына жеткен. 2010-жылы кайрадан Садыр Жапаров менен биргеликте «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон.
Андан эки жыл өткөндөн кийин «Кумтөрдү» улутташтыруу митингинде Жапаров, Ташиев жана Талант Мамытов Ак үйдү «басып алууга» аракеттенишкен делип бир жарым жылга эркинен ажырашкан. Бирок экинчи инстанциядагы сот аларды толугу менен актаган.