«Эски карыздарын кызмат берип кутулууда». Сегизбаев ИИМдин жаңы башчысы Жапаровго кредит алып бергенин айтты

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Садыр Жапаров ИИМдин башчысы кылып койгон Улан Ниязбеков 2001-жылы Жапаровго кредит алып бергенин кабарлады.

«Азыр ИИМдин башчысы болуп жүргөн Ниязбеков дагы Жапаровго 2001-жылы 138 миң доллар алып бериптир. Муну дагы төлөбөй кетиптир. Кийин тергөөдө Ниязбековдон акча кай жакта деп сурашканда эч кандай тиешеси жоктугун, акчанын баарын Садыр Жапаровго бергенин жазып бериптир», — деп билдирди Сегизбаев түз эфирдеги дебатта.

Ал кредиттер темасын Садыр Жапаровдун төлөнбөй калган кредиттеринен улам көтөрдү.

«Биринчи суроом мындай болчу: «Ысык-Көл Инвест банкынан» 400 миң доллар кредит алдың беле? Алыптыр. Мына бул жерде документ, кийин өчүрүп коюптур, бирок маалымат базасында, серверде сакталып калыптыр. Кредитке 400 миң долларды алыптыр, баарын тең төлөбөй, кийин буйтап качып кетиптир. Иш козголуптур, иштин номери №750432. Кредитти болсо жардамчысына жол-жоболоштуруптур, өзү аны алып туруп кетип калган», — деди Сегизбаев.

Сегизбаевдин пикиринде, Ниязбеков министрлик кызматты Жапаровдун «эски карыздары» үчүн алган.

«Азыр бизге шылуун президент, алдамчы келе жатат. Ошол министрди дагы азыр мен дайындаганынын себебин түшүнүп турам. Муруңку өткөн-кеткен замандагы карыздарын азыр кызмат таратып, бөлүштүрүп бүтүрүп берип жатат», — деди Сегизбаев.

Улан Ниязбеков ИИМдин башчылыгына 2020-жылдын 10-октябрында Садыр Жапаров тарабынан дайындалган. Буга чейин бир жарым жыл мурда ал ИИМдин 7-жашыруун башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

2016-жылы кайсыл бир ишкерден Ниязбековдун мыйзамсыз ишкердиги, тагыраагы жүк ташуучу унааларды сатуу менен алектенери жана опузалоого катышы бар экени тууралуу арыз келип түшкөн. Арыздануучунун айтымында, Ниязбеков ишкерди укук коргоо органдары тарабынан куугунтук болорун кыйытып, керек болсо жазалап, ал тургай кримтөбөл Көлбаев менен байланышы бар экенин айтып коркуткан.

Анда прокуратура мыйзам бузуу табылган жок, иштин мөөнөтү өтүп кетти деген жүйөө менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

«Ысык-Көл Инвест банкы» тууралуу

Бул банк менен Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова байланыштуу — ал тургай ага каршы кылмыш иши дагы козголгон. Эл аралык издөө жарыяланган Райкүл Жапарова Интерпол тарабынан 2020-жылдын 22-майында Польшада кармалган.

«Экинчи суроо мындай болгон: ошол “Ысык-Көл инвест банкты” бир тууганың менен басып алдың беле? Ага да жооп жок. Баскан эмесмин дейт. Мына Жогорку соттун чечими. Бул жерде жазылып турат: «2007-жылдын 10-августунда Райкүл Жапарова Надел менен бирге (Максим Бакиевдин досу) түнкү саат 2ге чейин, 2007-жылдын 11-августунда инвестициялык банкты күч менен басып алууну ишке ашырышкан.

Андан ары Райкүл Жапарова банктын номиналдык төрайымы болуп туруп, банктын ишин жүзөгө ашыруу боюнча Наделдин бардык тапшырмаларын аткарган». Мына соттун чечими, көрүп ал эгерде бир тууганың эмне кылганын билбесең. Силер банкты басып алгансыңар», — деп дагы кошумчалады Сегизбаев. УКМКнын экс-башчысынын айтымында, бул банк аркылуу Жапаров Кыргызстандын экинчи бозгун президентинин уулу Максим Бакиевдин дагы 5 млрд долларынын изин жашырып берип, анын пайыздарын алган.