COVAX программасына мүчө мамлекеттер COVID-19га каршы вакциналарды ала баштады

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий твиттер-аккаунтунда вакциналар жана эмдөө боюнча Глобалдык альянс COVAX программасына мүчө мамлекеттерди коронавируска каршы вакцина менен камсыздоону баштаганын кабарлады.

Бул программага Кыргызстан дагы кирет. COVAX программасынын алкагында, Кыргызстан Оксфорддун AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасын алат. Вакцина Кыргызстанга ушул жылдын март айында келери пландалууда.

«Вакциналарды эртерек алуу пандемияны тез жеңүүгө жардам берет. Британия COVAX программасына 548 млн фунт салым кылып, башка донорлордон 1 млрд фунт чогултууга жардамдашты», — деп билдиришти элчиликтен.

AstraZeneca

Вакцинаны британ-шведдик AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен бирге иштеп чыккан. 2020-жылдын декабрь айынын башында AstraZeneca коронавируска каршы вакцинасынын орточо таасирдүүлүгү 70%ды түзөрүн айтып чыккан.

Вакцина эки жолу, 4-12 жумалык аралык менен сайылат. AstraZeneca вакцинасынын сактоо шарты 2-8°С түзөт (кадимки муздаткычтын шарты). Сактоо мөөнөтү алты ай.Улуу Британия AstraZeneca компаниясынын вакцинасын алгачкылардан болуп каттоого алып, жарандарын эмдей баштаган алгачкы өлкө болгон. Ал эми 30-январда Европа кеңешинин бардык өлкөлөрү аталган вакцинаны колдонууга уруксат берген.