Курулуш компаниясы бар депутат Ак үйдүн 4-кабатын оңдогону үчүн сыйланды

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы кабарлагандай, шаардык кеңештин депутаты Байсалбек Эргешов Ак үйдүн төртүнчү кабатын толугу менен оңдогону үчүн президенттин энчилүү кол сааты менен сыйланды.

Эргешов төртүнчү кабатты өз каражатына оңдоп-түзөгөнү айтылууда. Депутатка энчилүү кол саатты паарламент спикери Талант Мамытов тапшырды.

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка ылайык, шаардык кеңештин депутаты Байсалбек Эргешов төрт компанияга жетекчилик кылат. Алардын экөөсү — «МВМ Тянь-Шань» менен «Оптима» — курулуш компаниялары.

Эргешев бир нече компаниялардын ээси катары дагы көрсөтүлгөн — «Прелестная природа» эс алуу жайы, декоративдик таштарды жасап иштеген «Жийде Гранит», ошондой эле Gravel курулуш компаниясы.

Ак үйдү талкалоо

Жогорку Кеңештин имаратын 2020-жылы 6-октябрга караган түнү митингчилер кыйратышкан. Ал күнү парламенттик шайлоодон кийин митингчилер Ак үйдүн тосмосун сындырып, имаратты басып алган.

Натыйжада дээрлик бардык депутаттардын иш бөлмөлөрү талкаланып, техникалар сынып, белгилүү советтик сүрөтчүлөрдүн эмгектери уурдалып, жүздөгөн документтер жок кылынган.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, Ак үйдү басып алууда парламенттин мыйзам долбоорлору сакталган сервер жок кылынган.