УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чет жакка дарыланууга кетип жатат

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дарыланып келүү үчүн чет өлкөгө кетип жатканын кабарлады. Анын ден соолугуна байланыштуу өргүүсү 6-февралда башталат.

Урматтуу Кыргыз элим! Мен 06.02.эрте менен дарыланууга чет жакка бара жатам,себеби биздин врач профессор Калдарбек...

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Пятница, 5 февраля 2021 г.

«Мен 06-февраль күнү эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам, себеби биздин врач профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар», — деп жазган Ташиев.

Аткаминер буга чейин жүрөк дартына арызданып жүргөнү белгилүү. Мындан улам ноябрдын аягында ооруканага дагы жатып чыккан. Ал эми өткөн жылы июлда коронавирустун пандемиясы күчөп турган убакта эки тараптуу пневмониядан улам абалы оор болгону кабарланган болчу.