Коронавирустан үч киши каза болуп, 79 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 5-февралда Кыргызстанда коронавирус 79 кишиден аныкталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында эки медкызматкер бар.

Илдеттин эң көп учуру Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды — 32 жана 19. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда — 15, Нарын облусунда он Ош шаарында эки жана Талас облусунда бир кишиден коронавирус аныкталды.

Акыркы суткада коронавирустан 93 бейтап айыкты. Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 35;

Чүй облусунда — 30;

Ысык-Көл облусунда — 12;

Ош облусунда — 6;

Ош шаарында — 3;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Талас облусунда — 2;

Нарын облусунда — 1;

Баткен облусунда — 1.

Ошондой эле COVID-19дан Ысык-Көл облусунда эки, Бишкек шаарында бир киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 071ге жетти. Алардын ичинен 81 635 бейтап айыгып, 1 426 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 314 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 609 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.