Бабановдун ат сарайы өрттөнүп, бир жылкысы өлдү

Социалдык тармактарда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Жал айылындагы ат сарайы өрттөнгөнү маалымдалды. Видеонун автору жылкылар кармалган малкана атайылап өрттөлүшү мүмкүн деп божомолдогон.

Саясатчы өзү бул катардагы тиричиликке байланышкан окуя деп эсептейт. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook барагына жазган.

«Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз», — деп жазган Бабанов.

Өрттүн кесепетинен бир баш жылкы өлгөнү белгилүү.

ӨКМдин басма сөз кызматы өрт саат 18:40та толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлаган. Ведомстводон кырсык болгон жерге үч өрт өчүрүүчү тобу барган. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.

Бабанов деген ким?

Мурдагы депутат, премьер-министр жана президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкенден кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Кийин ал кайтып келип, Атамбаев менен Жээнбеков тараптан үй-бүлөсүнө карата коркутуулар айтылгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Саясатчынын айтымында, Кыргызстандан чыгып кете турган болсо иш кыскартылат деген шарт коюлган. Бирок андагы кылмыш иштери дагы деле иликтенип жатат. Бабанов 2017-жылдан тартып Москвада жашап, эки жылдан соң саясатка кайтып келбейм деген убадасынан кийин кайтып келген.

Бабанов 2020-жылдын октябрь айында саясатка аралашууга аракет кылып, премьер-министрлик кызматка барууга умтулган. Бирок 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылышуудан кийин артка чегинген. Андан соң Бабанов премьер-министрлик кызматка келген Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп чыккан. Ал эми саясатчынын «Республика» партиясындагы мүчөсү Руслан Казакбаев министрлер кабинетинин жаңы курамына Тышкы иштер министри катары кирген.