Базар-Коргонго шаар статусу берилди

Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү» тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун базасында административдик-аймактык бирдик катары шаар түзүү сунушталган.

Аймактык бирдикке Жети-Кошкон, Беш-Бадам, Базар-Коргон айылдары, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштары, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдары менен Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштары кирет.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда жалпысынан 31 шаар бар. Анын ичинде республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар жана райондук маанидеги 17 шаар.