Ишеним кат менен сатылган унаалардын айып пулун сот аркылуу төлөтүү сунушталды

Ички иштер министрлиги «Жол кыймылы жөнүндөгү» Кодекске түзөтүү киргизүүнү сунуштап жатат. Түзөтүүнүн долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жарыяланды.

ИИМдин долбоорунда унаасын ишеним кат аркылуу сатып, аны кайра каттатып беришпеген унаа ээлери үчүн төлөнгөн айып пулдардын суммасын жол кыймыл эрежесин чыныгы бузган айдоочудан төлөттүрүп алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Бөлөк адамдын айып пулун төлөө көйгөйүнө кыргызстандыктар Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден тартып кабылган. Анда унаасын ишеним кат аркылуу саткан жарандарга жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптар келе баштаган.

Бул автоунаалардын жаңы ээлери сатып алган унааларын өз наамына каттатып албагандыктан болгон. Автоунаа документтери боюнча машинасын сатып салган айдоочуга катталган болот, ошондуктан мамлекеттик кызматтар штраф тууралуу билдирмелерди документ боюнча жазылган ээлерине жөнөтүп турган.

2019-жылдын июль айында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы «Коопсуз шаар» иштеп баштаган төрт ай ичинде ведомствого 10 миңден ашуун жаран кайрылып, автоунааны ишеним кат аркылуу сатууну жокко чыгарууну өтүнгөнүн билдирген. Ошондой эле, жарандар патрулдук милицияга унаанын жаңы ээсин таап, айып төлөө маселесин чечүүдө жардам берүүнү суранышкан.