Новиков: Карыз төлөө мөөнөтү узарса, Кытайга ашыкча 2,9 млрд сом төлөнөт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков парламенттин жыйынында тышкы карыздын төлөө мөөнөтун узартуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп атканын айтып берди. Азыркы учурда карыз үстөк пайызы менен 2 млрд доллардан ашуун сумманы түзөт.

«Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуш кылып жатат. Мындай пролонгация үчүн пайыздык үстөгүн 2% деп аныктоодо. Сунуш, негизи, өкмөт жеңилдик боюнча аныктаган параметрлерден ашпайт. Бул сумма боюнча ашыкча төлөө 2,9 миллиард сом болот», — дейт чиновник.

Новиковдун айтымында, бул сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы эмес, сүйлөшүүлөр уланууда.

Ошол эле мезгилде, дээрлик эки апта мурда Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков басма сөз жыйында Кытай тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартууга макул болгонун билдирген. Бирок Татиков сүйлөшүүлөр тууралуу кенен маалымат берүүдөн баш тарткан болчу.

Кыргызстан учурда Кытайга кайсыл иштер үчүн жана канча карыз?

2008-жылдан бери Кыргызстан Кытайдан 10 ири насыя алган: 7 кредит жол курууга жана үч кредит энергетикалык коопсуздук үчүн. Пайыздарын кошкондо карыз учурда 2 млрд 256 млн долларды түзөт. Алар:

  • Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолун калыбына келтирүүгө 75,29 млн доллар;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт жолун калыбына келтирүүгө 200 млн доллар;
  • Ош — Баткен — Исфана жана Бишкек — Балыкчы жолдорунун эки участогун калыбына келтирүү үчүн 129,83 млн доллар (эки жолу насыя алынган);
  • Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун курууга 690,8 млн доллар (үч жолу насыя алынган);
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү электр өткөрүү чубалгыларын модернизациялоого 208 млн доллар:
  • Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын жана Кемин подстанциясынын курулушуна 389,80 млн доллар;
  • Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 386 млн доллар.

Кыргызстандын Кытайга болгон көз карандылыгы

АКШнын Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнөдө 5-орунда турган.

Ошондой эле, Кил дүйнөлүк экономика институтунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө Кытайга болгон тышкы кредиттик карызы алардын ИДПсынан 25%дан ашкан жети өлкө бар жана Кыргызстан алардын бири. Мындан тышкары, ал тизмеде Жибути, Нигер, Конго Республикасы, Лаос, Камбоджа жана Мальдив бар.

Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму карыздын ушунча чоң болушу Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржы боюнча аярлуу» абалга такайт деп эсептейт. Эгер Кыргызстан кредитти өз убагында жаба албаса, Кытай Гонконго жайгашкан эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.

Дагы окуңуз: