Таласта мугалимдердин маянасын алып жүргөн директор кармалды

Талас районундагы орто мектептеги мугалимдердин маянасынын бир бөлүгүн мыйзамсыз ыйгарып алып турган деген шек менен директор кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат 2-февралда иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, директор мектептин кызматкерлеринен акча алып, «жумуштан кетиребиз» деп коркутканын аныктаган.

«Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча алып турган 9 банк картасы табылып алынды», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.