«Улуттар аралык кастыкты козуткан». Адвокат интернеттеги ою үчүн 300 миң сом айыпка жыгылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-февралда кыргызстандык Ш.Р. 300 миң сом айыпка жыкты — ал улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталды. Айыпталган адам буга чейин адвокат болуп иштеп жүргөнү айтылат.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, адвокат АКИpress жана Kaktus.Media маалымат сайттарына «орустар, Орусия жана президент Владимир Путин жөнүндө терс пикирлер камтылган» комментарийлерин калтырган.

Соттун токтомунда филолого-политологиялык экспертиза адвокаттын комментарийлеринде улуттук жана этникалар аралык кастыкты козутуунун белгилерин аныктаганы айтылат.

Ага карата «Улуттар, расалар, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча 2018-жылдын 7-майында эле айып тагылган. Иш Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тергелген.

Токтомдо адвокат Ш.Р. кылмыш иши козголор замат тергөөчүгө арыз менен кайрылып, андай билдирүү калтырууга эмне себеп болгонун төкпөй-чачпай баяндап бергени көрсөтүлгөн. Улуттар аралык кастыкты козутуу ниети болбогонун жана атуул катары өз пикирин билдирүүгө акылуу экенин баса белгилеген.

Сотто ал күнөөсүн мойнуна албай, билдирүүлөр жазылган аккаунттарга тиешеси жоктугун айткан.

Ошондой эле ал УКМК кызматкерлеринин кысымынан улам күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгонун, укук коргоо органдары жана нотариус тарабынан «көптөгөн мыйзам бузуулар» болду деп эсептерин айтып, сотко актоо өкүмүн чыгаруу өтүнүчүн келтирген.

Анткен менен сот адвокатты этникалар аралык кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.