Ноокатта ишкерден акча опузалаган кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 9-февраль күнү жеке ишкерден акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармады. Бул тууралу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач 8-февраль күнү Ноокат районуна караштуу Беш-Коргон айылынын 42 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында эки киши аны коркутуп 40 миң сом опузалап жатканын билдирген. Ноокат РИИБи бул арыздын негизинде «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Ноокат РИИБи «Шумкар» атайын багыттагы отряддын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чара жүргүзүп, эки шектүүнү 14 миң сом акча алып жаткан жеринен кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгону аныкталды.

Кармалгандардын бири Көк-Бел айылынын 37 жаштагы тургуну 2014-жылы «Каракчылык» фактысы менен кармалып, Ош облустук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган.

Экинчи шектүү — Чечме-Сай айылынын 33 жаштагы тургуну 2020-жылы баңгизат даярдаганы үчүн Ош шаардык соту тарабынан күнөлүү деп табылып, эки жылдык пробациялык көзөмөл колдонулган.