Бир видео менен: Мэрия жайма базарлар менен күрөшүн улантып жатат

Бишкек мэриясы ири деп саналган Ош базарындагы жайма базарларды иретке келтирүүнү улантууда. 10-февралда муниципалитет жана милиция кызматкерлери кезектеги жолу рейд жүргүзүштү.

Kaktus.media басылмасынын журналисттери мыйзамсыз соода жайларын тазалоо кандай жүргөнүн видеого тартып алган. Буга чейин соодагерлер «иштөөгө мүмкүндүк берүү» талабы менен Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан болчу.

Видеодон милиционерлер менен мэриянын кызматкерлери товар койгон столдорду алып кетип жатканын, ал эми соодаргерлер, көбүнесе аялдар, столдорду коргоп, унаага жүктөөгө тоскоолдук жаратып жатышканын көрүүгө болот.

Ушул эле күнү мэрияда Ош базары караштуу болгон Ленин районунун аткаминерлери менен базардын чарба субъектилеринин башчыларынын жолугуушусу өттү. Алар базардагы мыйзамсыз чаржайыт сооданы жоюуну жана жайма базардын соодагерлерин базардын ичине жайгаштыруу мүмкүндүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун аягында Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекцияга базардагы техникалык коопсуздук боюнча маалымат чогултуу, ал эми «Ош Базары» ишкердик субъекттеринин жетекчилерине жайма базардын соодагерлерин жайгаштыруу үчүн бош соода орундары жөнүндө маалымат берүү боюнча тапшырма берилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош базары: Жайма базардын сатуучулары бийликтен шарт түзүп берүүнү талап кылды

Мен таза шайлоо өткөрөм, УКМК жайма базарлар менен күрөшсүн — мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев