Мен таза шайлоо өткөрөм, УКМК жайма базарлар менен күрөшсүн — мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 25-январдагы мэриянын түзүмдөрү жана шаардык кызматтын жетекчилери менен болгон жумушчу жыйынында, алдыда боло турган шаардык кеңешке шайлоо жана мэрия жайма базарлар менен кантип күрөшө турганы жөнүндө айтып берди.

Шаардык кеңешке шайлоо

Түлөбаев келерки Бишкек шаардык кеңешине шайлоого кийлигише турган мэрия кызматкерлеринин баарын «каматарын» билдирди.

«Дагы бир жолу эскертип коёюн: МТУдан баштап, акимиат, коопсуздук органдары, аппарат, бирөөңөр шайлоого кийлигишсеңер — таарынбагыла. Мен тарыхта болуп көрбөгөндөй шаарда таза шайлоо өткөруп бергенге убада берем. Ким акча берсе, аны кармаш керек. Ким мыйзамсыз иш кылса, ошол замат кармап, алып барып туруп камаш керек. Ошол партияны шайлоодон алып салууга күч аракетимди баарын жумшайм», — деп убада берди мэрдин м.а.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган. Комиссиянын сайтында жарыяланган БШКнын шайлоо графигине ылайык, шайлоо этап-этап менен 418 жергиликтүү кеңеште өткөрүлөт. Анын ичинде өлкө боюнча 16 шаар дагы бар.

Алгач жергиликтүү кеңештин шайлоолору Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайынды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата жана Чолпон-Атада өтөт.

Бишкек шаардык кеңеши — шаардык өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы. Ал шаар коомчулугу тарабынан шайланат жана ишмердүүлүгүн жамааттык негизде жүргүзөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4 жылга шайланат, курамына 45 депутат кирет.

«Жайма базарлар менен күрөшүүгө күчүбүз жетпей жатат»

Мэрдин милдетин аткаруучу көчө сатуучулары менен күрөшүүгө калаа жетекчилигинин күчү жетпей жатканын, мындан улам УКМКга кат жолдоп, күч түзүмдөрүнөн турган топту жардамга чакырганын билдирди. Анын айтымында, айрым кызмат адамдары жайма базарларды калкалап, акысына акча алып турат.

«Мен көчөдө соода-сатык кылгандарды түшүнөм, бирок жайма базарлардын жайылышына жол бербеш керек, урматтуу акимдер. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурадым. Бул жайма базардагы соодагерлерди өз алдыбызча тартипке келтире албай калдык. Алыбыз жетпей калды. «Атайын топ жибергиле» дедим. Ал соодагерлердин артында кимдер турганын баары билет. Атайын козутуучулар иштеп жатат. Биз алардан базардын ичине кирип ишин улантууну суранып жатабыз», — деди Түлөбаев.

Ал мэрия бул маселе боюнча катуу чара көрөрүн белгиледи. Бирок Балбак Түлөбаев 18-январда базардын сатуучулары менен жолугушуп, «соодагерлерди башка жакка барып саткыла» деп кубалабасын, аларга чатыр жана текчелерди куруп, жакшы шартта иштей тургандай кылам деп убада берген болчу.

Түлөбаев жолугушууга Бишкектин батыш тарабындагы Ош базарынын сатуучуларына белгисиз адамдар кол салган күнү барган. Аялдар көчө бойлой соода кылып отурганда белгисиз адам келип товарларын жерге төгүп, андан соң милиция чакырган. 24.kg агенттигинин маалыматына караганда, бул рейд жүргүзгөн мэрия кызматкерлери болгон.

«Эмне турасыңар, милиция, албайсынарбы», — деп кыйкырган эркек киши укук коргоо кызматкерлерине.

Алар сатуучунун текчесин алып кетишкен — ал текчесин тартып алууга аракет кылып, соодагер сатыктагы буюмдары менен рейд жүргүзгөндөрдү чапкан. Ыргыган товар текчени кулаткан кишинин далына тийген. Эки тарап жакалаша кеткенде милиция сатуучу аялдын колун кайрый баштаган.

Соодагер аялга башка сатуучулар болушууга аракет кылган, бирок «рейд жүргүзгөндөр» жана милиция арачалоого аракет кылгандарга жолтоо кылган.

Милиция укук коргоо орган кызматкерлери «рейд учурунда тартип жана коопсуздукту гана камсыздап турду» деп ишендирип, эч милиция орой мамиле жасады деп даттанбаганын айтышкан.

Ош базарынын администрациясы «Берекет универсалды» жабууну чечти — сатуучулар митингге чыгышты

Ош базарынын сатуучулары менен «Берекет» компаниясынын ортосундагы чыр. Эмне болуп жатат?