Кадыр Маликов муфтияттагы чыр боюнча үн катты

Дин таануучу, профессор, саясий илимдердин доктору, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов фейсбук барагына муфтияттагы жаңжал боюнча түшүндүрмө берди.

Бир күн мурда экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев отставкага кетүү арызын жазган, көп өтпөй УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Токтомушев 2020-жылдагы ажылык сапардан артып калган акчаларга байланышкан «финансылык алдамчылыкка» шектелип жатат. Коронавирус пандемиясынан улам өткөн жылы ажылык сапар болбой калган.

Кадыр Маликов эмне дейт?

Маликовдун айтымында, бул окуя тууралуу ЖМКдан уккан жана муфтийдин камакка алынышы ага «күтүүсүз» болгон. Ал сот болгонго чейин бул окуяга баа берүү эртелик кылат деп эсептейт, анткени күнөөсүздүк презумпциясы сакталышы керек.

«Бирок ЖМКга муфтияттагы финансылык алдамчылык, ажылыкка арналган акчаны үстөк пайыз менен карызга берүү фактысы тууралуу жаңылыктардын чыкканы адамды шок кылат! Чынын айтканда, бул мамлекеттик органдагы катардагы коррупция ишине бөгөт коюу эмес, ал тургай муфтийлик кызмат үчүн компроматтар согушунун жыйынтыгы дагы эмес, бул жалпы мусулмандар журтчулугунун беделине сокку уруу, муфтият менен мечиттерге болгон ишенимге көлөкө түшүрүү», — деп эсептейт ал.

Диний ишмер «Аллах бизди бири-бирибиздин колубуз менен сынап жатат», андыктан «дин кызматкерлери өзгөрүшү керек» деп эсептейт.

«Биз бир нерсени туура эмес кылгандайбыз, ислам (тагыраагы анын сүрөтү) акыркы жылдары кургак эрежелердин, тышкы атрибутиканын, түркөйүлүктүн, анткор динчилдиктин топтому болуп калды, эң башкысы жоголду — ак ниеттүүлүк, жумшактык, мээрим, интеллектуалдык өнүгүү, прогресс», — деди ал.

Муфтийдин орун басары мындай жаңжалдын болушу — «биздин коомдун жүзү, анын терең деградацияда экенинин чагылышы, эч кандай бийиктиктин, ыйыктыктын калбай калганынын белгиси» ошондуктан «баары сыртка төгүлүп жатат» деп эсептейт.

«Эми дин ишмерлери элдин бетин кантип карайт? Мусулмандар, өзгөчө жаштар кимди ээрчийт? Негизги маселе мына ушунда… мамлекетке дагы ушул суроо», — деп сөзүн бүтүргөн ал.

Маликов фейсбугунда өлкөдө бардык мусулмандар үчүн «оор убак» келип, умманын биримдиги боюнча маселе жаралганын дагы жазды.

«Аллахка ишенгендер, чыныгы ишеними бар жана билимдүүлөр ислам жана адам бул эки башка нерсенин түшүнөт. Себебин издегендер дайыма динден алыстоонун жолун табат, адамдарга шылтап. Бул жерде да сыноо бар», — деп белгиледи Маликов.

Теолог муфтятта жаралган «жагдайды оңдосо» болот деп үмүттөнөт. Бирок ал Кыргызстандын муфтийлик кызматына баргысы жок.«Муфтиятка жакшы ниет чакыруусу менен, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бир нерсени жакшыртуу үчүн келгенимди айткым келет. Эч качан муфтий болоюн деген эмесмин, болбойм дагы. Айрыкча акыркы окуяларга байланыштуу да этникалык жактан алып караганда. Аттап өткүм келбеген принциптерим бар», — деп ишендирди ал.

Токтомушевди колдоо митинги

УКМКнын тергөө абагына киргизилген Токтомушевдин тарапташтары 11-февраль күнү эртең менен атайын кызматтын имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар экс-муфтийдин иши боюнча акыйкат чечим чыгарылышын талап кылышты.

«Түнкү кармоону басым кылуу же сыйлабоо деп атаса болот. Аны үй камагына коё берип коюп деле суракка алса болмок. Ал качып кете турган адам эмес», — деп билдиришти алар Vesti.kg басылмасына.

Токтомушевдин иши

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын экс-башчысы Максатбек ажы Токтомушев 10-февраль күнү кечинде кармалды. УКМК ага муфтияттагы «финансылык бузуулар» боюнча айып тагууда.

УКМКнын версиясы боюнча, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар ажылык сапар үчүн төккөн 100 млн сомдон ашык каражатты үстөк пайызы менен насыяга берген.Мындан бир күн мурда УКМКнын кызматкерлери дин башкармалыгынын башкы эсепчисин күч түзүм кызматкерине пара берип жаткан учурда кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, эсепчи фактыларды жашырып, иликтөөнү токтотуу үчүн 100 миң доллар сунуштаган.

«Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

КМДБнын башкы бухгалтери камакка алынгандан кийин Токтомушев отставкага кеткен.

Буга чейин бир нече күн мурда Токтомушев «президенттин атын жамынган айрым аткаминерлер» аны муфтийликтен алууга аракет кылып, басым кылышканын билдирген.

Токтомушевдин айтымында, ага карата басым республика мусулмандарынын курултайынын алдында күчөгөн. Апрель айынын башында ал жерде жаңы муфтий, анын ичинде Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсү менен Борбордук ревизиялык комиссиянын жетекчилиги шайланмак.