Коронавирустун 75 жаңы учуру катталып, 83 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-февралда Кыргызстанда коронавирустун 75 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Чүй облусунда — 17;

Бишкек шаарында — 32;

Ысык-Көл облусунда — 11;

Ош облусунда — 4;

Жалал-Абад облусунда — 4;

Талас облусунда — 2;

Баткен облусунда — 2;

Нарын облусунда — 2;

Ош шаарында — 1.

Акыркы суткада коронавирустан 83 бейтап айыкты — алардын ичинде эки медик бар.

COVID-19дан эң көп айыккандар Чүй облусунда катталды — 32. Ошондой эле Бишкек шаарында — 30, Ош облусунда жети, Жалал-Абад облусунда алты, Ош шаарында үч, Ысык-Көл жана Нарын облустарында экиден, Талас облусунда бир бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты.

Ошондой эле COVID-19дан Ош облусунда бир киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 328ге жетти. Алардын ичинен 82 006 бейтап айыгып, 1 437 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 427 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 26 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 522 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.