Студент менен мугалимдерге бекер. ОшМУда флюорографиялык лаборатория иштеп баштады

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында автоматташтырылган флюорографиялык лаборатория ачылды. Зыяндуулугу аз, акыркы үлгүдөгү аппаратты окуу жай өз каражатына Орусиядан алганы кабарланууда.

Университеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган лабораториянын кызматынан окуу жайдын студенттери жана окутуучулары акысыз пайдалана алышат.

«Аппарат жаңы болгону үчүн лабораторияда бир күндө 100гө жакын бейтап текшериле алат. Азыр пандемия шартында аралыкты сактап, адам көп топтолбой күнүнө 50-60 адам текшериле алат. Атайын график түзүлүп, жатаканада жашагандар жана жалпы эле студент түшө алат» — деп түшүндүрдү «Клоопко» ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева.

Учурда ОшМУнун флюорографиялык лабораториянын маалыматтык базасын AVN-автоматаштырылган башкаруу системасына туташтыруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, жакынкы күндөрү окуу жайдын медициналык клиникасында көп тармактуу диагностикалык лабораторияны ишке киргизүү пландалып жатат.