Кайгуул милициянын кызматкери пара алганы үчүн кызматынан алынды

Бишкекте кайгууул милициянын кызматкери пара алганы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 12-февралда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан маалымдашты.

Мындан бир күн мурда Инстаграмдын «ertaisfr» аттуу колдонуучусу видео жарыялаган, анда Кайгуул милициянын кызматкери жол кыймыл эрежелери бузулганы боюнча айыппул жазып берүүнүн ордуна пара алып жатканы тартылган.

Тасмада кызматкер телефондун камерасына тартылып жатканын байкабай, айдоочудан бейкапар эле акча алып жатканын көрүүгө болот. 

Кайгуул милициянын басма сөз кызматы жарыяланган видео 2020-жылдын декабрь айында тартылган «Клооптун» журналистине билдирди.

«Бир нече кызматкерге карата териштирүү жүргүзүлүп, натыйжада ал кызматкер ички иштер органдарындагы кызматынан алынган. Юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдардын бардыгы прокуратурага жөнөтүлгөн», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, кайгуулчуунун чогу иштеген жолдошу дагы «кызматтык талаптарга толук кандуу ылайык келбөө» түрүндөгү тартип жазасын алган.