Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп Кылычбек Абышев дайындалды

Президент Садыр Жапаров 12-февралда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына Кылычбек Абышевди дайындады.

Ага чейинки орун басары Жаныбек Капаров 9-февралда отставкага кеткен. Капаровду бул кызматка 2020-жылдын 10-октябрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков дайындаган.

Абышев буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы рангындагы орун басары болгон.

Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика» партиясынын катарында барган. Ал партиянын тизмесинде 90-орунда болгон.

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Рыскелди Мусаев эсептелет. Бул кызматка аны президенттин м.а. Садыр Жапаров 2020-жылдын 27-октябрында дайындаган.