«Социал-Демократтар» партиясынын башчысы лидерликтен кетти. Анын ордуна Султанбеков келди

Темирлан Султанбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары түптөгөн «Социал-Демократтар» партиясынын лидери болуп дайындалды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Нурхан Жумабаева 12-февралда фейсбук барагында билдирди.

Султанбеков «Социал-Демократтардын» лидери болуп партиянын Бишкектеги кезектеги съездинде шайланды. Мындай чечим партиянын мурдагы лидери өз ыктыяры менен ыйгарымдарын тапшыргандан кийин кабыл алынган.

Саясий бирикме съезд өткөргөнү жана Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бара турганы белгилүү. Өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.

Темирлан Султанбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жигердүү тарапташтарынын бири катары таанымал. Ошондой эле, ал КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болгон, партия ыдырап кеткенден кийин «Социал-Демократтардын» мүчөсү болгон.

Султанбековго чейин партияны Сеид Атамбаев башкарып келген. Ал бул партияны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы биротоло ыдырап кеткенден кийин жетектей баштаган. КСДП партиясы ал убакта өлкөнү башкарып турган Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жаңжалдын айынан ыдыраган.

Социал-демократтар аталган партия КСДПнын принциптеринин жана идеяларынын жолун жолдой турганы боюнча бир нече жолу билдирип келишкен. Ошондой эле, партиянын парламенттин жетинчи чакырылышына өтүү максаты да болгон. Бирок, 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоо саясий кризиске алып келген, ал эми парламентте дагы деле алтынчы чакырылыштын депутаттары отурат.