Сексуалдык ыдык көрдү деген аял соттолду. Аны зордуктоого шектелген киши эркиндикте калды

«Вентус» коомдук бирикмеси зомбулуктан жабыркаган аял соттолуп, ал эми кордук көрсөткөн киши эркиндикте жүргөнүн билдирди.

«Вентустун» маалыматына ылайык, сот Чүй облусунун Васильевка айылынын 31 жаштагы тургуну Насиба Абдрахманованы аны зордуктоого аракет кылган адамды сабап, денесине залал келтиргени үчүн күнөөлүү деп тапты.

Соттон Абдрахмановага 40 сааттык коомдук ишке тартуу жазасы каралганын тастыкташты. Абдрахманова өзү сот коррупциялык механизмдерди колдонуу менен адилетсиз чечим чыгарды деп эсептейт.

«2019-жылы 13-июнда Сирож Эргешов тарабынан зордуктоо жана уруп-сабоо аракети менен узакка созулган сексуалдык ыдыкка кабылдым», — деп айтып берген Абдрахманова коомдук бирикмеге.

Насиба Абдрахмановага жасалган кордук

Насиба Абдрахманованын окуясы тууралуу анын адвокаты Курманбек Туйбаев айтып берди. Ага ылайык, Эргешов көп убакыттан бери анын артынан түшүп, улам-улам телефон чалып, жанын койгон эмес. Ал Абдрахманованы туугандарына конокко барганда көрүп калып, алардан анын телефон номерин алган. Анын туугандары кызга кошуна болгон.

Туйбаев айыл тургундарынын айтымына таянып, Эргешов буга чейин дагы сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнүн кошумчалады. Адвокат билдиргендей, Эргешов атайылап күйөөсү алыста жүргөн мусулман аялдарды тандап алат.

Бир жолу Эргешов Насибанын үйүнө келип, терезени сынып кеткиче койгулаган. Анда Насибанын балдары чочуп, ыйлаган.Бул окуядан кийин аял ошол эле айылда жашаган күйөөсүнүн бир туугандарынан жардам сураган. Натыйжада алар Насибанын тынчын алган адамдын ким экенин аныктоо үчүн жолугушууга чакырышкан.

Насиба Сирож менен 13-июнда жолуккан. Ал ошондо эле аны зордуктоого аракет кылган — ал Насибаны күч менен машинага отургузуп, анын көйнөгүн айрып салган. Насиба андан кутулууга аракет кылганда бети менен жерге жыгылган. Кийинчерээк ооруканадан ага баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган деген диагноз коюшкан.

Жардам суруган кыйкырыкка Насибанын туугандары менен айылдыктар чуркап келип, эркек кишини кармап алып, мечитке алып кетишкен. Ал жерге Сирождун дагы туугандары келген. Натыйжада айылдыктар аны «эл алдында жазалашкан».

Адвокаттын айтымында, Сирождун атасы Насибадан тизелеп кечирим сурап, милицияга арыз жазбоону суранган. Мындан улам Насиба укук коргоо органдарына кайрылган эмес.

Кол салуудан кийин Насиба Токмоктогу ооруканадан дарыланган. Ал башына сокку алып, денеси көгөрүп, тытылып, көптөгөн жаракаттарды алган.

Төрт күн өткөндөн кийин Насибанын үйүнө милиционерлер келип, ал ээнбаштыкка шектелип жатканын кабарлашкан. Көрсө, Эргешов Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, Насиба башка адамдар менен сүйлөшүп алып, аны токмокко алууну уюштурган деп билдирген.

Бул иш боюнча алгач беш адам, анын ичинде Насиба дагы бейбаштыкка шектелген. Кийинчерек үч кишиге карата тергөө кыскартылган. Адвокат Туйбаев алар укук коргоо кызматкерлери менен судьяларга белгилүү бир акча төлөп кутулушкан деп эсептейт.

«Насиба Абдрахманова жана аталган сумманы төлөй албаган дагы бир адамды ден соолугуна жеңил залал келтирүүгө айыптуу деп таап, 40 саат коомдук жумуштарга тартуу жазасы берилген», — деди Туйбаев.

Чүй облустук сотунан ырастап беришкендей, 2020-жылдын 8-сентябрында Аламүдүн райсоту Абдрахманова менен дагы бир эркек кишини күнөөлүү деп таап, аларды коомдук иштерге өкүм кылган.

Өкүм чыккандан кийин эле Туйбаев Насибаны актоо өтүнүчү менен Чүй облустук сотуна даттанган. Ал өкүмдү мыйзамсыз чыккан деп эсептейт.

«Судья тараптардын мыйзам алдында бирдей деген принцибин бузуп, мыйзамдын одоно бузулушуна жол берген. Ал адилетсиз чечим чыгарган, ал тургай күбөлөрдү дагы чакырбай койгон», — деп билдирет адвокат.

Чүй облустук сотунан «Клоопко» доо арыз ушул тапта каралып жатат деп билдиришти.

Сирож Эргешовго карата иш

Насиба айыпталып жатканы тууралуу билдирүү алгандан кийин эле ал милицияга арыз жазып, Сирож аны зордуктоого аракет кылганын билдирген.

«Бирок биз прокуратурага арызданганга чейин милиция кызматкерлери эч кандай чара көрүшкөн жок», — дейт адвокат.

Андан соң, анын айтымында, Аламүдүн РИИБи бул кылмышты майда бейбаштык катары каттаган. Бирок 2019-жылы 25-декабрда милиция Эргешовго карата ишти «кылмыштын курамы жоктугу үчүн» кыскарткан.

«Вентус» коомдук бирикмеси тактап чыккандай, милиция тийиштүү тергөө жүргүзбөгөнүнө байланыштуу, 2020-жылдын 17-апрелинде райондун прокуратурасы ишти токтотуу тууралуу токтомду жокко чыгарып, «иштин жагдайларын толук жана объективдүү изилдеп чыгуу керектигин» билдирген.

Адвокат Туйбаев Эргешов эми шектүү экенин кабарлады. Бул ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы карап жатат.

2019-жылы аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны 14%га көбөйдү — Улуттук статком

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү