«Бишкексветтин» башчысы дарылануу үчүн өргүүгө кетти, кызматтык иликтөө жылды — мэрия

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору Алимбек Абдылдаев дарылануу үчүн өргүүгө кеткенин билдирди.

«Мыйзамга ылайык, Абдылдаевге карата кызматтык териштирүү ал жумушка чыкканда өткөрүлөт», — деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Кыргызстандын эмгек кодексине ылайык, ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыккан кызматкерди жумуштан бошотууга болбойт.

Абдылдаев буга чейин дагы айланасындагы абал начарлаганда ден соолугуна байланыштуу өргүүгө кеткен эле. Бул ал калаанын вице-мэри болуп турганында жана Балбак Түлөбаев мэрлик кызматка келген биринчи күнүндө эле бошотулганда болгон. Калаа муниципалитети ошол күнү дагы Абдылдаев ден соолугуна байланыштуу өргүүдө экенин айткан эле.

16-февралда премьер-министр Улукбек Марипов фейсбуктагы түз эфиринде борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жарыяланган материалдардан кийин «Бишкексвет» ишканасынын башчысы Алимбек Абдылдаевдин маселесин тез арада чечиши керек деп билдирген.

«Медиа каражаттарында акыркы 10 күндүн ичинде эки жолу маалымат чыкты. Мен окудум, экинчисинин видеосун да көрдүм. Биринчиси- тендер маселеси, экинчиси анын жүрүм-туруму», — деп айткан Марипов.

Марипов Абдылдаевге байланыштуу маселени тез арада чечүү керектигин, анткени учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын кошумчалаган.

«Биз тендер өткөрүүдөгү коррупциянын тамырын кыркканга аракет кылып жатабыз, бул жактан ушундай туура эмес иштеп болуп жатат. Тез арада чечүү керек, Бакыт Кудайбергенов. Бул муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге залакасы тийип жатат», — деп кошумчалаган премьер.

Тендер жана Абдылдаевдин туугандары

Буга чейин иликтөөчү-журналисттер Болот Темиров жана Али Токтакунов биргелешкен иликтөө чыгарып, Абдылдаев жаңы жылдык шөкөттөөлөр үчүн жарыяланган тендерлерде туугандарына жеңүүгө жардам бергенин айтып берген.

Токтакунов репортажында Алымбек Абдылдаев «Бишкексветтин» башчылык кызматана келгенден кийин жаңы жылдык жасалгалоолорду сатып алуу боюнча тендерлерге жеке ишкерлерди тартуу башталганын билдирген.

Маселен, 2019-жылдын ноябрь айында Абдылаевдин туугандарына дээрлик 8 млн сомдук буйрутмалар жол-жоболоштурулган. Жалпы суммасы дээрлик 4 млн сомду түзгөн беш тендердин төртөөсүн Абдылдаевдин туугандары жеңип алган — Элдар Бекбосунов менен Бактыгүл Окоева.

Тендерлердин биринде гана «Аманат Транс» ЖЧКсы жеңген, бул компаниянын Абдылдаев менен байланышын табуу мүмкүн болгон эмес.

Журналисттер «Бишкексветтин» камсыздоочу компанияларын бир эле нерсе байланыштыраарын аныкташкан — алардын баары тең Абдылдаев башчы болуп дайындалгандан кийин эле мамлекеттик сатып алуулар сайтында катталышып, дароо тендерлерде жеңе башташкан.

Ал компаниялардын дээрлик бардык камсыздоолору «Бишкексветке» болгон, ал эми күрөш болгонун көрсөтүү үчүн алар бири-бирине каршы тендерлерге катышышкан.

Мас абалындагы Абдылдаев

«Бишкексветтин» башчысына байланышкан экинчи чырлуу окуя 13-февралда болгон. Анда КТРК каналы милиция кызматкерлери Абдылдаевдин автоунаасын токтоткондо мекеменин башчысы мас абалында болгону тууралуу видео жарыялаган. Бирок унааны башка адам башкарып жүргөн.

Видеодо автоунаанын айдоочусу милиция кызматкери менен сүйлөшүү учурунда унаа «Бишкексвет» ишканасына тиешелүү, кызматтык транспорт экенин мойнуна алган. Андан соң Абдылдаев өзү сөзгө аралашып, «жумушта жүргөнүн» айткан.

Жыйынтыгында Абдылдаевдин унаасы айып короого токтотулуп, ага карата административдик протокол түзүлгөн.