Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн үч президенттикке талапкер бирикти

Президенттикке талапкерлер Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов 11-апрелге дайындалган Бийшкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн өздөрүнүнүн «Реформа», «Адилеттүү Кыргызстан» жана «Асман Ала-Тоо» партиялары бириккенин маалымдашты.

Үч партиянын лидерлери: Клара Сооронкулова , Аймен Касенов жана Элдар Абакиров, өз күчтөрүн жергиликтүү Кеңештин...

Опубликовано Реформа Среда, 17 февраля 2021 г.

«Биригүүңүн жакынкы максаты — шаардык кеңешке шайлоого катышуу. Ал эми биригүүбүздүн негизги максаты — бул жаш жана прогрессивдүү күчтөрдүн консолидациясы. Биз бул чоң кадамдын башталышы гана деп үмүттөнөбүз. Баарыбыз өлкөгө өнүгүүнү каалайбыз жана ага биргеликте жетебиз деп ишенебиз», — деп келтирет «Азаттык» Клара Сооронкулованын айткандарын.

Саясатчылар меморандумга кол коюшту. «Азаттыктын» маалыматы боюнча, алар Бишкек шаардык кеңешке шайлоого «Реформа» партиясынын атынан барат. Жалпысынан шаардык кеңешке шайлоого 14 партия катышууну көздөйт.

Клара Сооронкулова деген ким?

«Реформа» партиясынын лидери, Конституциялык палатанын экс-судьясы. Ал судьялык кызматынан милдеттүү биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамын «антиконституциялык» деп атагандан кийин отставкага кеткен. Бул парламент аны отставкага кетирүү үчүн добуш берүүсүнүн үчүнчү аракетинен кийин болгон. Бул мыйзам Алмазбек Атамбаевдин тушунда демилгеленген. Маселен, адам биометрикалык маалыматтарын (кол так) тапшырбаса ал шайлоодо добуш берүү укугунан ажырап калганында болгон.

Сооронкулованын партиясы краудфандиң аркылуу 5 млн сом шайлоо күрөсүн чогултуп, парламенттик шайлоого катышкан. Шайлоо өнөктүгүндө партия мүчөлөрү социалдык тармактарда ар кандай каралоолорго кабылган.Митинг жана парламенттик шайлоонун жыйытыктары жокко чыкканда Сооронкулова укук талаасына кайтуу үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү үчүн чыркаган. Жыйынтыгы жокко чыккан бул шайлоодо «Реформа» партиясы шайлоочулардын дээрлик 1%на ээ болгон.

Элдар Абакиров деген ким?

Экономика министринин мурдагы орун басары. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын катарында барган. Октябрь окуялары учурунда жабыр тарткан — жарылуучу заттын сыныктарынан жаракат алган.

2020-жылдын жай айларындагы интервьюсунда бажыдагы коррупциянын масштабы тууралуу кеп козгогон. Бирок анда дагы мамлекеттик бажы кызматы анын айткандарын төгүндөп, Абакировду «компетентсиз жана бажынын ишин жеткиликтүү билбейт» деп билдирүү тараткан.

Кызыктуу жагдай, Абакировдун айткандары менен «Клооп», «Азаттыка» жана OCCRP журналисттеринин бажыдагы коррупция тууралуу айткандары дал келген. Бул иликтөөлөрдүн башкы фигуранты — Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов.

Аймен Касенов деген ким?

Аймен Касенов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду башкамрмалыгынын мүчөсү болгон, андан тышкары, «Газпромдун» Бишкек жана Дүйшөмбүдөгү бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2015-жылы ошол учурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун кеңешчиси дагы болуп иштеген.