Футболчу Айдана Оторбаева пандемиядагы ыктыярчылыгы үчүн FIFProнун атайын сыйлыгына татыды

18-февралда футболчу Айдана Оторбаева Кесипкөй футболчулар бирикмелеринин эл аралык федерациясынын (FIFPro) FIFPro Hero номинациясында атайын сыйлыкка ээ болду.

FIFPro Hero ушул жылы эле түзүлгөн жана Оторбаев бул сыйлыкты биринчилерден болуп алды. Ал сыйлык «өзгөчө иш жасаган оюнчуга» берилет.

2020-жылы июлда COVID-19 пандемиясы күч алып турганда Оторбаева «Сообща» деген жаштардан турган ыктыярчылык топ уюштуруп, аны жетектеген. «Сообщанын» мүчөлөрү башка ыктырчылар менен бирге «кызыл аймакта» медиктер менен бейтаптарга жардам көрсөтүшкөн.

«Айдана футболчу болгусу келген кыздар үчүн жакшы үлгү боло алды, ошондой эле ал башка адамдарга кантип жардам берсе болорун көрсөтүп, өзүнүн мисалында шыктандыра алды.

Акыркы 14 айда дээрлик бүт дүйнөнү солкулдаткан пандемияны эске алып, тандоо комиссиясы Айдана Оторбаеванын мындай каармандыгын өзгөчө бааланууга тийиш деп эсептейт», — деп белгилешти FIFProдон.

Оторбаева фейсбук барагында «Сообщадагы» ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирди.

«Мен үчүн бул сыйлык көп нерсени билдирет. Чакан ыктыярчылык ишим ушунчалык жакшылык жана кубануу алып келет деп эч ойлогон эмесмин. Азыр мен муну аванс катары кабыл алуудамын. Мен дайыма жүрөгүм менен жакшылык жана тынчтык үчүн жан тартам. [...] Силерсиз [ыктыярчыларсыз] мунун баары болбойт эле! Бул сыйлыкты ар бириңиздерге арнайм! Рахмат! Силердин кичипейилдигиңер жана эр жүрөктүгүңөр үчүн рахмат!» — деп жазган футболчу.