Ош ЖЭБи айрым объектилерге мыйзамсыз жылуулук берип келгени аныкталды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаардык жылуулук электр борборуна коммерциялык объектилерди мыйзамсыз туташтыруу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 19-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош ЖЭБдин жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, техникалык туташуу эрежелерин жана капиталдык курулуш параметрлерин бузуу менен аларга жылуулук берип келген. Анын натыйжасында шаардагы мончолор, спортзалдар, медициналык клиникалар, көп кабаттуу турак жайлар жана ири соода объектилер жылуулукка мыйзамсыз туташтырылган.

Тергөөнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, коммерциялык мекемелерден түшкөн акчаны ЖЭБдин жетекчилери жана айрым кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып турушкан.

Учурда атайын кызмат келтирилген зыяндын көлөмүн жана ЖЭБдеги ушул сыяктуу фактыларды аныктап жатат.