Оштун бюджети бекитилди. Каражаттын эң көбү курулушка, эң азы социалдык коргоого жумшалат

Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 18-февралдагы жыйында калаанын 2021-жылга карата бюджетин бекитти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында шаардын быйылкы жергиликтүү бюджети 1 млрд 357 млн 700 миң сом болуп бекитилди. Ага ылайык, эң көп каражат курулуш тармагына бөлүндү, ал эми эң аз акча социалдык коргоо жана коргонуу тармагына бөлүнөт.

  • 29,8 % турак жай жана коммуналдык чарба;
  • 29,2 % билим берүү тармагы;
  • 22,2 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар;
  • 11,1 % экономикалык маселелер;
  • 6,1 % маданият жана спорт тармагы;
  • 1,1 % социалдык коргоо тармагы;
  • 0,5 % коргонуу тармагы.

Коронавирус жана салыктар

Коронавирус пандемиясынан улам өткөн жылдын 25-мартында Ош шаарынын аймагына өзгөчө абал режими киргизилген. Мындан улам калаадагы көптөгөн бизнес-субъектилердин ишмердүүлүгү токтотулуп, бюджетке салыктар толугу чогулган эмес.

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов карантиндин биринчи айында эле бюджетке 39 млн сом түшпөй калганын билдирген. Ошондой эле казынага жалпысынан 150 миллион сомдой каражат түшпөй калышы мүмкүн деп божомолдонгон. Мындан улам мэрия антикризистик план кабыл алып, айрым тармактарда каражаттарды үнөмдөгөн.

Бирок Оштун мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорун токтоткон эмес — Сарыбашов өткөн жылдын август айында алгачкы курулушка капсула салган. Жалпысынан Ак-Буураны оңдоо долбооруна 252 млн сом каралган, анын 60 млн сому Ош шаардык бюджетинен алынат.

Сарыбашев Ак-Бууранын жээгине капсула салып жатат. Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Өткөн жылдын ноябрь айында экс-вице-мэр Саибжан Турдуев Оштун бюджетине тогуз ай ичинде пландалган каражаттын 102 млн сому түшпөй калганын маалымдаган.

Анткен менен 18-февралда биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев 2020-жылы шаардын бюджетине пландалган кирешелерден 32 млн сомго көбүрөөк түшкөнүн кабарлады. Жалпысынан бюджетке 1 млрд 135 млн сомдон ашуун каражат түшкөн.