Талас шаарында дүкөндө сатылып жаткан секс оюнчуктар алынды

Секс оюнчуктар коюлган текче

Талас шаарындагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн биринде секс оюнчуктардын сатылып жатканы ата-энелердин нааразычылыгын жаратканын turmush.kg басылмасы жазган.

Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Руслан Жээнбеков «Клоопко» учурда дүкөндөн оюнчуктар алынганын билдирди.

«Ошол эле күнү Талас шаарынын мэриясы жана ШИИБдин кызматкерлери аталган дүкөнгө барып эскертүү берип, мындай оюнчуктарды сатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү», — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле, дүкөндүн ээсине айып салынбаганын кошумчалады.

Буга чейин Талас шаарынын тургундары дүкөндө сатылып жаткан секс оюнчуктарды окуучулар сүрөткө тартып алып, бири-бирине жиберип жатышканын билдирген. Ата-энелер азык-түлүк сатылган дүкөндө мындай каражаттардын сатылып жатканы уят экенин айтышкан.

«Балдарыбыз мектепте окуйт. Бардыгы ал дүкөнгө кирип, майда-чүйдө нерселерди сатып алышат. Балдардын баарында уюлдук телефон бар, ар кандай социалдык тармактарда отурушат. Бул дүкөндө чоңдор үчүн каражатты тартып алып, «ушул жакта сатылат экен» деп сүрөтүн жөнөтүп жатышат» — деп ата-энелер каршылыгын билдирген.

Ал эми аталган дүкөндүн ээсимин деген М. аттуу киши ал уу же химикат сатпаганын, патент төлөп соода кылып жатканын айткан.

«Бул каражаттарды кичинекей балдар алмак беле, чоңдор алат. Бирөөлөргө жардам берип жаткандыр», — деп жооп берген ал.

Секс оюнчуктарынын азык-түлүк дүкөнүндө сатылып жатканы социалдык тармактарда дагы нааразычылыктарды жараткан болчу.