Токмоктун жанында чыккан өрттөн 60 гектар камыштуу талаа жана жер аянттары күйүп кетти

18-февралда Токмок шаарынын жанында, Бишкек — Торугарт жолунун 51-чакырымындагы камыштуу талаада чыккан өрт саат кечки ондон кийин гана өчүрүлдү.

Өрт тууралуу билдирүү ӨКМге саат 18:39да келип түшкөн — видеодо чоң аянтты өрт каптап, «Брент» май куюу бекетине дагы жакындаганын көрүүгө болот.

Өрт өчүрүүгө төрт бригада тартылып, алар аны май куюучу бекетке жеткирбей токтотуп калган. Саат 20га карата өрт чектөөгө алынган — жалын андан ары таркаган эмес.

ӨКМдин маалыматы боюнча өрттөн жабыр тарткандар жана каза тапкандар жок. Бирок тилсиз жоонунун кесепетинен 60 гектардан ашуун талаа жана камыш аянттары күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби жана зыяндын машстабы такталууда.