Ат-Башы районунда гемодиализ борбору ачылды

Ат-Башы районунда ачылган гемодиализ борбору

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жеке ишкерлердин демилгеси менен жети орундуу гемодиализ клиникасы ачылды. Бул тууралуу райондун акими Нурбек Сатаров кабарлады.

Акимдин айтымында, жеке ишкерлер эки кабаттуу имаратты ижарага алып, оңдоп түзөөдөн өткөрдү. Ошондой эле, клиникага Германиядан жабдуулар алып келинген. Учурда пайдаланууга берилип, иштеп жатат.

Жаңы ачылган борбордо эки жогорку даражадагы даарыгер, эки медайым жана бир ашпозчу эмгектенет. Мындан ары райондун гемодиализге муктаж болгон тургундары бул борбордон даарылана алышат.

Даарылоо акысын тургундар милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу төлөшөт. Ар бир бейтап күн алыс төрт сааттан даарылануудан өтүп, акысыз тамактанат. Ат-Башы районунда гемодиализге муктаж болгон 10 бейтап бар. Алар буга чейин Нарын шаарына барып дарыланып келишкен.

Кыргызстанда жалпы 1500дөн ашык адам гемодиализ алып, каттоодо турат. 604 бейтапка акысыз жардам көрсөтүлсө, ал эми 764 адам жеңилдетилген шартта даарыланат.