Орусия Кыргызстанда мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө 5,2 млн доллар бөлөт

Орусия өкмөтү Кыргызстандын ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 2021-2022-жылдарга карата 5,2 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу токтом 20-февралда Орусиянын расмий укуктук маалымат интернет-порталында жарык көрдү.

Документке ылайык, «Кыргызстандын баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына финансылык колдоо көрсөтүү» жөнүндөгү сунушту өкмөткө Орусия ИИМи келтирген.

Федерациянын өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылы кыргыз ИИМнин баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 3,5 млн доолар бөлүнөт, ал эми калган 1,7 млн — 2022-жылы берилет.

Кыргызстандын Каржы министрлиги чындыгында ушундай операция жүргүзүлүп жатканын бышыктады, бирок каржы экономика жана финансы министрлиги аркылуу өтпөйт. Ал эми аталган кызматтан «Клоопко» азырынча бул тууралуу комментарий берүүгө эрте деп билдиришти.