Жергиликтүү кеңешке шайлоо: Акчанын көбү айлык жана башка чыгымдарга сарпталат

БШК жергиликтүү кеңешке боло турган шайлоонун сметасын бекитти — аларды даярдоо жана өткөрүүгө 425,2 млн сом каралды.

БШКнын маалыматына ылайык, каражат көбүнесе АШК, УШК мүчөлөрүнүн, АСУнун операторлорунун, анын ичинде шайлоо күнү кезметке чыккан милиция кызматкерлеринин айлыктарына кетет. Жалпысынан бул чыгымдарга 182,6 млн сом каралган.

«Башка чыгымдарга» каражат бир аз азыраак каралган — 144,1 млн сом. Бул акчалар так эмнеге кете турганы түшүнүксүз, себеби чарбалык максаттарга, транспорт чыгымдарына жана байланыш кызматтарына өзүнчө акча бөлүнгөн.

БШК учурдагы чарбалык максаттарга керектүү товарлар үчүн 37,1 млн сом, ал эми байланыш кызматтары үчүн — 6,6 млн сом бөлгөн.

Транспорт чыгымдарына 19,04 млн сом каралса, дагы 4,3 млн сом кызматтык сапарларга кетчү чыгымдар үчүн бөлүнгөн.

Айлыктардан Соцфондго акча төгүү тууралуу дагы унутта калган эмес — бул максаттарга 31,4 млн сом чыгымдоо пландалууда.

Мурдарак, БШКнын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо жана референдумга мамбюджеттен 538 млндон бир аз ашык каражат сарпталган, бул Талас облусунун бир жылдык бюджети менен тең.