Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордуна берген имаратта Калкты тейлөө борбору ачылат

Өкмөттүн басма сөз кызматы 22-февралда жакында Бишкекте жаңы Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачыларын билдирди. Ал мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында жайгашат.

Буга чейин депутат Искендер Матраимовдун аялына таандык «Эльдорадо» имараты бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тарабынан коррупция иши боюнча мамлекетке келтирген чыгымдын ордуна республиканын карамагына өткөрүлгөн.

Премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Текшерүү учурунда өкмөт башчы жаңы Калкты тейлөө борбору персонал жана тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат деп билдирди.

Андан тышкары, ИИМ жана Коргоо министрлиги аркылуу бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү.

«Бишкек шаарында жана жалпы республика боюнча тейлөө борборлорунун санын жогорулатууну, ошондой эле бардык калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүүчү жарандардын ыңгайлуулугу үчүн шарттарды жакшыртууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууну тапшырды», — деп билдиришти өкмөттөн.

Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди «open space» (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылды, бул кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзөт.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Буга чейин Матраимов бажыдагы коррупция иши боюнча айыпталуучу катары өткөн. Бирок 11-февралда Биринчи май райондук соту күнөөсүн мойнуна алган Матраимовду бошоткон.

Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Штрафтан тышкары, Матраимов буга чейин мамлекетке 2 млрд сом (24 млн АКШ доллары) зыяндын ордун тургузуп берген — бул коррупциялык схемалар аркылуу чыгарыып кеткен сумманын дээрлик 3,5%ы.

Каражаттын көп бөлүгүн — 1,4 млрд сомду — Матраимов минфиндин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору менен тогуз батирин берип кутулган.