Салык кызматы салык декларациясын күн сайын түн ортосуна чейин кабыл алат

Салык органдары 1-марттан тартып Бирдиктүү салык декларациясын түн жарымына чейин, ал тургай дем алыш жана майрам күндөрү дагы кабыл ала турган болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилендей, эми Бирдиктүү салык декларациясын иш убактысы учурунда тапшырууга үлгүрбөй жаткан салык төлөөчүлөр аны саат 09.00дөн 24.00гө чейин, ал тургай дем алыш күндөрү дагы тапшыра алышат.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, юридикалык тараптар кирешеси тууралуу отчётту 2021-жылдын 1-мартына чейин, ал эми физикалык жактар 1-апрелге чейин тапшырышы керек. Кыргызстандыктар экономикалык ишмердиги, мүлкү жана жер участоктору тууралуу дагы маалымат бериши керек.

Салык кызматынын тактоосуна ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын 1-мартка чейин «туруктуу мекемесин түзүү менен республикасынын аймагында иш жүргүзгөн» ата-мекендик жана чет элдик уюмдар дагы тапшырууга милдеттүү. Бул милдет юридикалык жак түзбөй эле иштеген дыйкан жана фермердик чарбаларга дагы тиешелүү.

2021-жылдын 1-апрелине чейин Бирдиктүү салык декларациясын муниципалдык кызматкерлер жана жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөөчүлөр тапшырышы керек. Бул убакытка чейин жер тилкеси, транспорт каражаты же кыймылсыз мүлкү бар жеке тараптар дагы тапшырып үлгүрүшү керек.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке тараптар 5 миң сом, юридикалык жактар 13 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Мамкаттоо кызматынан 2019-жылы пандемиядан улам декларация тапшыра албай калган жеке жана юридикалык жактар аны үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин тапшырса болорун кошумчалашты.