Милиция: «Слово Кыргызстана» гезитиндеги мушташ боюнча эки арыз түштү

Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына 23-февралда мамлекеттик «Слово Кыргызстана» гезитинин редакциясында эки кызматкердин ортосунда мушташ чыкканын кабарлады. РИИБдин маалыматына ылайык, мушташ болуп жатканы тууралуу кабар милицияга саат 16:30да түшкөн.

Милиция келгенден кийин башкы редактордун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова коммерциялык директор Урматгүл Бралкееванын үстүнөн арыз жазган.

Окуядан кийин тартылган иш бөлмөлөрдүн бири, сүрөт: Kaktus.Media

Аскерованын айтымында, Бралкеева «анын ишине тоскоол болуп, ур-токмокко алган». Бралкеева дагы милицияга ушундай эле арыз берип, Аскерова аны сабап салганын айтып берген.

Эки факт тең «Майда бейбаштык» беренеси боюнча катталган. Мындан тышкары, денеге келтирилген залалдын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Баралкеева Kaktus.Mediaга курган маегинде ооруканадан ур-токмоктун тактарын каттаткандан кийин Аскерованы колдогон редакциянын башка кызматкерлеринин үстүнөн дагы арыз жазаарын кошумчалаган.

«Аскерова - редактордун милдетин мыйзамсыз аткарып жатат. Курманбек Мамбетов кызматынан кетип жатканда аны редактордун биринчи орун басары кылып калтырып кеткен. Мындайча айтканда, Аскерова өзүн-өзү дайындап алды. [...] Бирок, баш редакторду өкмөт дайындайт, аны эч ким бекиткен эмес», — деп айтып берген Бралкеева.

Бралкеева бул окуя редакциянын ичиндеги Кифаят Аскерованын башкы редактордун милдетин аткаруучу кызматына дайындалганына байланыштуу чыр-чатактан улам болгонун да айтып берген.

Кифаят Аскерова гезиттин башкы редакторунун м. а. кызматына Курманбек Мамбетов кеткенден кийин дайындалган. Буга чейин ал гезитте башкы редактордун биринчи орун басары болуп иштеген. Гезиттин редакциясындагы араздашуу бир нече айдан бери уланып келет.

Жамаат мурдагы редактор Тамара Слащеваны колдогондор жана ага каршы чыккандар, ошондой эле редакцияда бүгүнкү күндө иштеп жаткандардан турган үч топко бөлүнгөн. Аскерова болсо эл алдында комментарий берүүдөн баш тарткан.