15 миңден ашуун операция жасаган хирург Кубанычбек Шүкүрбаев каза болду

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шүкүрбаев 23-февралда оорудан улам каза болду. Ал 61 жашта эле.

Дарыгер тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги некролог жарыялады.

«Жумушта Кубанычбек Абдыбаевичти ишкердик сапаттары, сезимталдыгы жана кесипкөйлүгү үчүн, ал эми үйүндө камкордугу жана боорукердиги үчүн баалап келишкен. Анын жаркын элеси кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат», — деп жазылат анда.

«Хирургияга өмүрүн арнаган Шүкүрбаев»

Шүкүрбаев Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек айылында төрөлгөн. Ал эми окуусун 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетинен аяктаган.

Эмгек жолун 1984-жылы Майлуу-Суу шаардык ооруканасында хирург болуп баштаган. Ал эми 1990-жылы Кыргыз медакадемиясындагы хирургия бөлүмүнүн шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасын аяктаган.

1997-жылы Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, өмүрүнүн аягына чейин аталган бөлүмдү жетектеди.

Шүкүрбаев медицина илимдеринин кандидаты, жалпы хирургия боюнча жогорку квалификациялуу адис катары көкүрөк жана ич көңдөй органдарына операция жасоонун бардык хирургиялык ыкмаларын өздөштүргөн.

38 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашуун бейтапка операция жасап, ич көңдөйүнүн жана көкүрөктүн курч ооруларын дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыккан.

Ошондой эле ал 30 илимий эмгектин, 5 рационализатордук сунуштун жана ойлоп табууга 3 патенттин автору болгон. I жана II Евразиялык травматологдордун жана ортопеддердин конгрессине, 2011-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин травматологдору жана ортопеддеринин эл аралык конгрессине катышкан.

Үзүрлүү эмгеги үчүн «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисине татып, 2007-жылы «Эмгек сиңирген дарыгер» наамын алган.