Эл артисти Токтоналы Сейталиев каза болду

Токтоналы Сейталиев. Сүрөт: Маданият министрлиги

СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев 24-февралда оорудан улам каза болду. Ал 84 жашта болчу.

Маданият ишмерлери кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуу болгонун айтып, Сейталиевди эскеришүүдө.

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова Сейталиев дайыма жайдары жүргөнү менен эсинде калганын жазды.

«Жакшы адам болчу. Дүйнөсү кенен, балбактаган жөнөкөй... Дайыма кабагы ачык, жайдары жүрөр эле… Жайыңыз жаннаттан болсун», — деп жазды Садыкова.

Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Сейталиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган. Ал Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктап, № 15 Фрунзе мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүргөн.

Андан соң, 32 жашында, Алма-Ата шаарындагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетин аяктаган. Ал аталган факультетте окуп жүргөндө эле казак радиосу жана телевидениесинин камералык оркестринин солисти болуп эмгектенген.

Ал эми окууну аяктаган соң, 1969-жылдан баштап 2013-жылга чейин Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-классын жетектеген. Аны менен катар 1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын жеке ырдоо классында иштеген.

Сейталиев 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал, көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтыган — италиялык композитор Джузеппе Вердинин «Дон Карлосун», Джакомо Пуччинин «Джанни Сниккин», Абдылас Малдыбаевдин «Айчүрөгүн» дагы башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринин алдыңкы тенордук партияларын аткарган.

Ал 33 жашынан баштап 43 жашына чейин Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, жана Казакстанда жеке концертин активдүү коюп, ал кездеги советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга чейин барган.

Опера арияларынан сырткары Сейталиевдин камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген — алар Атай Огомбаевдин «Гүл» жана «Эсимде», Владимир Левашовдун «Россиянын булбулдары», Мукаш Абдраевдин «Жалына күйгөнмүн» жана башка көп чыгармалары.

Көп жылдык ишмердиги үчүн Сейталиев жеке ырдоо кафедрасынын жана Курмангазы атындагы Алма-Ата мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, СССРдин «Эл артисти» наамдарына татыган.

Ошондой эле, көп жылдык чыгармачыл ишмердиги үчүн ал көптөгөн ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган. Эл аралык «Алтын көпүрө» жана Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

«Клооптун» жамааты Сейталиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.