ЖМК: Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп ооруканага жаткырылды

Райымбек Матраимов УКМКнын имаратына алып келинген учурдан кадр.

Бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп ооруканага жаткырылгандыгы кабарланууда. Бул тууралуу бир катар басылмалар жеке булактарына таянуу менен жазышты. Атайын кызмат ЖМКга чыккан кабар боюнча азырынча маалымат бере элек.

Матраимов УКМК тарабынан 18-февралда кайрадан кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Ооруканага жеткирилгенге чейин экс-бажычынын тергөө абагында кан басымы көтөрүлүп жатканын бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов «Азаттык» басылмасына билдирди.

«23-февралда инимден кабар алгам. Ага чейин кыйналып жатканын адвокаттары айтышкан болчу. Азыр эми колунда телефону жок. Абалы кандай экенин, кайда экенин билбейм», — деген депутат.

Буга чейин Райымбек Матраимов 11-февралда, «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, бошоткон болчу. Ошондой эле, сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан.

Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген.

Тема боюнча:

Коррупциялык жаңжал 3 миң долларлык айып менен аяктады. Эң маанилүү жагдайлар

Иликтөө. Айэркен Саймаитини жалданма киллерлер кантип өлтүрүшкөн?

Матраимовдун бажы империясы