Аскер прокуратурасы кримтөбөл «Женгонун» сабалганы боюнча тергөө ишин баштады

Аскер прокуратурасы Кримтөбөл Кадырбек Досоновдун УКМК кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча соттук өндүрүш иштерин баштады. Бул тууралуу Досновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 26-февралда кабарлады.

Сүйүнбаеванын айтымында, Досоновдун денесине жаракат келтирүү фактысы КЖБРге каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүш «Бийлигинен аша чабуу» беренеси боюнча башталды.

Буга чейин юрист кримтөбөлдү Оштон Бишкекке алып келе жатканда УКМК кызматкерлери сабап, кыйноого алышканын билдирген. Анын айтымында, Досоновду аэропорттон УКМКга чейин жол бою токмоктоп, атайын кызматтын имаратына киргенден кийин да улантышкан.

«Кыр арка сөөгү жабыркаган, бетинде тактар көрүнүп турат. Ал УКМКнын кызматкерлери сабаганын айтууда», — деген ал.

Адвокат бул боюнча Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен акыйкатчыга кайрылганын айтып, мындан тышкары Башкы прокуратурага да арыздана турганын айткан.

«Кызматтык жана жооптуу адамдарды жоопко тартыш үчүн бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү керек, себеп дегенде кармалгандан кийин анын саламаттыгы менен өмүрүнө мамлекет жоопкерчилик алат. Аны коркутуп, күчүн көрсөтүш үчүн сабашкан», — деген ал ошондо.

УКМКнын кызматкерлери адвокаттын билдирүүсүн четке кагууда. Алар УКМКнын кызматкерлери менен спецназ Досоновду мыйзам чегинде кармап, ага карата күч колдонбогонун айтышты.

«УКТ лидеринин адвокатынын билдирүүсү — бул жөн гана сөз. Ал өз ишин аткарып, аны абактан чыгарып кетүүгө аракет кылып жатат. Эгер Досонов өзү келбей, спецназчылар операция жүргүзгөндө, ошондо балким ал жабыр тармак. Бурок учурда адвокат тараптан көз көрүнө эле жалган айтылып жатат», — деп белгилешти күч кызматкерлери.

«Женго» тергөө аяктаганча УКМКнын камак жайына киргизилген, аны 2021-жылдын 8-апрелине чейин тергөө абагында калтыруу бөгөт чарасы кабыл алынган.

Досонов деген ким?

Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери болуп эсептелет. Досонов «Женго» деген каймана ат менен да белгилүү.

Милиция «Женгону» бир нече жолу кармаган, бирок сот тарабынан акталып, боштондукка чыгып кетип турган. Акыркы жолу 2020-жылдын 30-ноябрында кримтөбөлгө издөө жарыяланган.

Анда УКМК Досонов жеке менчикке каршы оор кылмыш кылууга шектелип жатканын билдирген. Мурдарак 28-ноябрда Ош шаардык соту Досоновго карата камакка алуу бөгөт чарасын сыртынан кабыл алган.