Финпол: Бишкекте «БАД» жасаган көмүскө цех аныкталды

Финполдун басма сөз кызматы 25-февралда Бишкекте Биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) даярдаган көмүскө цех табылганын кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, цехте «Сейдене майы», «Зайтун майы», «Омега 3-6-9» деген каражаттар колго жасалып турган.

Факты КЖБРге «Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү» беренеси менен каттоого алынды. Финпол жашыруун цехти эки чет элдик жаран уюштурганын аныктаган.

«Алынган каражаттардын бардыгы тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн Дары-дармек департаментине жөнөтүлдү», — деп билдиришти финполдон.