Өзгөндө өгөй ата тарабынан «зордукталды» делген кызга кошумча экспертиза дайындалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну күйөөсү биринчи жолдошунан төрөлгөн сегиз жашар кызын «зордуктаганын» билдирди. Аял «укук коргоо органдары чара көрбөй жатышканын» айтып президент Садыр Жапаровдон жардам сурады.

Анын айтымында, окуяны өз көзү менен көргөндөн кийин милицияга кайрылган. Аял «кызы мурдатан эле зордукталып жүргөнүн бирок коркконунан айтпай келгенин» айтууда.

Ошондой эле аял экспертизада кызынын «кыздык белгиси жок болуп чыкканын» билдирди

«Эми ал бала каалаганына үйлөнүп алат, бирок менин кызымдын тагдыры эмне болот? Бала азыр да сыртта жүрөт. Камалган жок. Кызымдын тагдырын талкалаганы үчүн жоопко тартылышын каалайм», — деди аял.

Анткен менен Ош ОИИБинен аялдын айткандарын четке кагышты. Башкармалыктын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев учурда сотко чейинки өндүрүш аяктай электигин айтып, аялдын сөздөрү «чындыкка дал келбейт» дейт.

Анын айтымына, аял алгач Өзгөн РИИБине күйөөсү аны сабаганын айтып арызданган. Бул боюнча үстүбүздөгү жылдын 26-январында «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен тергөө башталган.

Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө аял күйөөсү кызына карата да сексуалдык зомбулук колдонду деп билдирген. Аталган факты өзүнчө «Ыплас аракеттер» беренеси менен катталган.

Аширбаев Өзгөн райондук соттук-медэкспертизадан «анын кыздык белгиси бүтүн экендиги жана арткы тешик чөйрөсү таза чыкканын» айтты. Бирок жыйынтык менен кыздын апасы макул болбогондуктан кошумча экспертизаны Бишкек шаарынан келген адистер өткөрөт дешти милициядан.

Ал эми аялдын өзүнүн арызы боюнча экспертизада анын «денесине жеңил зыян келтирилгени» аныкталган.

«Анын күйөөсү “мага өчөшүп курулай доомат кылып жатат” деген версияны карманууда. Аял өзү милициядан күйөөсүн каматууну талап кылып жатат. Бирок “үй-бүлөлүк зомбулукта” денесине оор залал келтирсе гана камалат», — дейт Аширбаев.

Мындан улам Аширбаев аялга, анын күйөөсүнө жана кызга да соттук-психо-психиатриялык экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

«Учурда “Ыплас аракеттер” боюнча кыздын иши тергелип жатат. Ал эми аялдын иши сотко өтүү процессинде», — деди ал.

Өгөй кызын зордуктоого шектелгендер

Буга чейин өлкөдө бир нече киши өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалышкан. Көпчүлүк учурда арыз менен кыздардын энелери кайрылса, айрымдары кайрадан күйөөсүн коргогон.

Мисалы 2019-жылдын октябрь айында Жалал-Абаддын тургуну 2002-жылы төрөлгөн кызын 49 жаштагы жолдошу зордуктап койгонун билдирген. Анда «Зордуктоо» беренеси менен иш ачылып, шектүү эки айга камалган болчу.

Ал эми 2020-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну 15 жашар өгөй кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөнү айтылып, камакка алынган. Кыздын кордолуп жүргөнүнөн апасынын кабары болгон, анткен менен ал жолдошунун ишин жашырып келгени айтылган.

Кыз зордукталып жүргөндүгүн алгач таенеси менен таежесине айтып, алар милицияга кабарлашкан. Арыз жазылгандан кийин болсо өспүрүм кызды апасы психологиялык оорулуулар бейтапканасына жаткырып койгон.

Анда кыздын жактоочусу ооруканага өгөй атасы келип, «ага каршы көрсөтмө» бере турган болсо кызды «өлтүрөм» деп коркутканын билдирген болчу. Ал эми кийинчерээк секелек кыз өзү тосмо арыз жазаарын айткан. Бирок милиция тосмо арызга карабай тергөө уланаарын билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматы жыл башында билдиргендей, Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккен. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген.