Токмок: Өгөй атасы тарабынан эки жыл зордукталган секелек тосмо арыз жазарын айтты

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Токмок шаарында өгөй атасы тарабынан эки жылдан бери зордукталып келген 15 жаштагы өспүрүм кыз 4-январда тосмо арыз жазарын айткан. Бул тууралуу «Клоопко» секелектин жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, буга чейин кызды социалдык жактан коргоо кызматы өгөй атасынын апасына тапшырган. Таежеси менен таенеси кызды алууну каалашканы менен социалдык кызматкерлер өгөй атасынын апасы кызга жакыныраак деп чечишкен. Учурда кыз апасынын колунда жана тосмо арыз жазууну каалап жатат.

«Токмок шаарынын тергөөчүсү “чындыгында өгөй атаң зордуктадыбы?” деп сураганда, ал “ооба, бирок, баары бир тосмо арыз жазам” дептир», — деп билдирди Абдыкапаров.

Анткен менен тосмо арызга карабай, тергөө амалдары улантылат.

«Клооптун» кабарчысы өспүрүмдүн таежеси менен байланышканда, ал секелектин тосмо арыз жазуу чечимине апасынын жана өгөй атасынын туугандарынын таасири болгонун билдирди.

«Сиңдим күйөөсүн куткарып алуу үчүн кылып жаткан арекети деп эсептейм. Буга чейин да өзүнүн энесин кошуналарына “ал ичет, эшиктин түбүндө бутуна тура албай жатып калат” деп жазып бергилечи деп суранып жүрүптүр», — деди таежеси.

Өспүрүмдүн «зордукталышы»

Буга чейин 15 жаштагы өгөй кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөнү айтылган киши 21-декабрда тергөө изоляторуна киргизилгени маалымдалган. Кыздын «зордукталганы экспертизада аныкталганына карабай» милиция өгөй атаны үч-төрт күндөн кийин гана кармаган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Кыздын кордолуп жүргөнүнөн апасынын кабары болгон, анткен менен ал жолдошунун кылмышын жашырып келген. Кыз зордукталып жүргөнүн алгач таенеси менен таежесине айткан. Андан соң алар милицияга кабарлаган.

Арыз жазылгандан кийин өспүрүм кызды апасы психикалык оорулуулар бейтапканасына жаткырып койгон. Кийинчерек ооруканага өгөй атасы келип, «ага каршы көрсөтмө» бере турган болсо кызды «өлтүрөм» деп коркутканы айтылган.

Мындан сырткары, жактоочу кыздын апасы милицияга «Рамиль» аттуу 22 жаштагы киши анын кызын зордуктап жүргөн деп арыз жазгандыгын кабарлаган. Анткен менен Абдыкапаров муну апасы өгөй атаны жоопкерчиликтен куткаруу максатында айтып жатат деп эсептейт.

29-декабрда кыз психикалык оорулуулар бейтапканасынан чыгарылып, Токмок шаарынын социалдык жактан коргоо кызматы алып кеткен. Ошондой эле, ал ошол күнү жактоочусунан баш тартып жаткандыгы айтылган.

Тема боюнча:

Чүй: Өспүрүм кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атанын иши териштирилүүдө

Токмок шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды

Өгөй атасы тарабынан зордукталып жүргөн 15 жаштагы кыз жактоочусунан баш тартып жатат