Акыркы сутка ичинде коронавирус 43 адамда аныкталды

Республикалык штаб өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 43 адамда коронавирус аныкталганын кабарлады. Баткен жана Жалал-Абад облустарында оорунун жаңы учуру катталган эмес.

  • Бишкекте — 18;
  • Чүй облусунда — 11;
  • Ысык-Көл облусунда — 6;
  • Ош облусунда — 4;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 2 адамда коронавирус аныкталган.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 86 185 адам коронавирус илдетине чалдыккан.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 дартынан көз жумгандар болгон жок. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан 1 463 адам каза болгон.

Мындан тышкары, штаб акыркы суткада 66 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылганын маалымдады. Пандемиянын башынан бери өлкөдө коронавируска же ооруканадан тышкаркы пневмонияга чалдыккан 83 127 бейтап айыккан.

Республикалык штаб белгилегендей, 27-февралга карата Кыргызстанда 371 адам ооруканада дарыланууда, алардын ичинен 19 бейтаптын абалы оор бойдон калууда. Андан тышкары, 285 адам үй шартында дарыланууда.

Медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруунун бир учуру аныкталды. Ал Бишкек шаарында катталды. Пандемия башталгандан бери 4 205 медик COVID-19га чалдыгып, алардын ичинен 4 176сы илдеттен айыккан.